www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Премьер-министрдин басмайылы бекемделди

Айнура Абдиназарова 07-декабрь 2017, 11:05

Саясат


Премьер-министрдин басмайылы бекемделди

Өлкөнүн кыйырындагы дөө-шааларды Конституцияга оңдоолорду киргизүү, чийки жерлерди оңдоп-түзөө үчүн референдум өткөрүү керектиги кыл чайнаштырганын билебиз. 2020-жылга чейин мен жазган Конституциянын бир тал чачын түшүртүүгө жол бербейм деген Өмүрбек Текебаевдин “байкотуна” айрым бийликке нараазы болгон саясатчылар кошулуп, ажонун пикирлештерине каршылык көрсөтүштү. Тилекке каршы күч тең эмес болгондуктан акырында көпчүлүктүн колдоосу менен референдум өз тилегине жетти.

Мурдагы түптөлгөн Конституция өкмөттүн ашмалтайын тез-тез чыгарууга көмөктөш болгон. Ачуусу мурдуна чыккан фракция лидерлери эле ич ара сүйлөшүп, баш бакандарды командасы менен айдап, кетирип турган. Андай мисалдарды издөөнүн кажети жок. Парламентке келгенден заарканган өкмөт башчы, министрлер дагы эмне балээ баштап жиберишер экен депутаттар деп заарканып турушар эле. Үстүбүздөгү жылдын 1-декабрынан тартып Премьер-министрдин басмайылы бекемделди. Баш мыйзамдын 81–87-беренелери эми натыйжалуу иштей баштаса Премьер-министрге чоң дарбазанын эшиги ачылат. Мурдагыдай тайсалдабай кемчилик кетирген, тапшырманын өтөлүнө чыгалбаган жетекчини кызматтан кетирүүгө мүмкүнчүлүгү берилди. Элестүү айтканда кызматка алууга караганда, кызматтан кетирүүгө ыйгарым укугу бар өкмөт башчынын бийлиги күчтүү экенин танууга болбостур. Мурда “крышасы” кубаттуулар өкмөт башчысын тоотуп койчу эмес да. Мындан ары карай кадр маселесин Сапар Исаков өзү чече берет. Референдум аркылуу биз ушуга жетиштик.

Баса, мурдагыдай фракциянын лидерлери “өз хандыгынын” ишмердигин жүргүзө алышпайт. Министрлер, агенттиктин жетекчилери баштагыдай калтырап, титиреп отурбай өзүнүн түздөн-түз башчысы менен эсептешүүгө чыйыр салынды. Бул кезегинде кадрлардын туруктуу сакталышына, болбогон күнөө менен кетирилишине бөгөт коңт. Фракция лидерлеринин кабинеттерин сагаалаган министрлердин саны кескин кыскарат. Бүтүндөй команданын узак мөөнөттүү программаларынын ишке ашырылышына шарт түзүлөт. Саясий популисттик кысым көрсөтүүлөр тыйылган соң иштиктүү аракеттер кыймылга келет. Чарбалык, инвестициялык маселелерге жан киргизилип, өлкөнүн экономикалык өсүшүнө көңүл бурулат. Айтор, референдумдун жемиши үзүрлүү болорунда күмөнүбүз жок.

Булак: Ачык сөз


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549