www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АНОНС: Эфирде Чубак Ажы...Экинчи аялы бар АТКАМИНЕРлердин тизмеси такталууда

Гүлжан Шерипбаева 07-декабрь 2017, 10:57

Саясат


АНОНС: Эфирде Чубак Ажы...Экинчи аялы бар АТКАМИНЕРлердин тизмеси такталууда

Азыр Кыргызстандын көпчүлүктүн көңүл чордонунда, ал тургай көгүлтүр экранда, ободо баардык ММКларда мурдагы муфтий Чубак ажы Жалилов тууралуу уу – дуу кеп.

Ал тургай Чубак Ажынын сүйүктүүсүнүн сүрөтүнө чейин чыгарып кыскасы "жаш жубайларды" азапка салдык окшойт. Баарынан таң калычтуусу айрым эл өкүлдөрү башка эркек, "эки катыны" бар кесиптештерин көрбөй калгансып, "жазалансын" деп Чубак Ажынын үстүнөн арыз берсе, Жалиловдун тарапташтары "эки катын" алсын деп коштогондор да жок эмес. 

Кызык, ошентип 1 000 (миң) АКШ доллары эмес, 3 000 (үч миң) АКШ долларына китеп сатып алган, мээси илим менен билимге толгон Чубак Ажыны экинчи катын алды деп суракка чакырылды. Бул жакшы жышаан экен деп, эми ушунча болду, биздин маалымат агенттик экинчи “катыны” АТКАМИНЕРЛЕРДИН тизмесмин жакын арада жар салабыз. Ошондо токолдору бар аткаминерлер суракка чакырылабы же жокпу кутө туралы.

Эске сала кетсек, Аалымдар кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов экинчи аялын жар салгандан кийин коомчулукта кызуу талкууга алынган. Бул көрүнүшкө элдин пикири ар кандай. Алсак, жогорку көрүнүштөгү эки аялдуулук динде бар экендигин айтса, айрымдары бул көрүнүштү мыйзамга шайкеш келбейт дейт.

Булак: NazarNews.kg


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549