www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өрдөк учурмайды адат кылгандар тим жатпайт

Айнура Абдиназарова 07-декабрь 2017, 09:45

Саясат


Өрдөк учурмайды адат кылгандар тим жатпайт

Кызматтан кеткен кишини деле жөн койбой ар нерсени чаргытып жүргөндөр бар. Аларды түз эле атынан атап “өрдөк учургучтар” деп койсок бирөө бизди кой дейби? Сөздүн аныгын айтканда ар кайсы маалымат каражаттарында (оппозициялык жааттагы) Алмазбек Атамбаев тууралуу чындыкка коошпогон икаялар удургуп чыгып жатканы деле ырас. Ал тургай көзү ачыктык кылып, көрөсүңөр жакын арада эле өкмөт башчылык кызматты Алмазбек деген эргул өзүнө имерип алат деп оңкосунан кеткендер жүрөт тимеле укмуш жаңылык киргизип койгонсуп. Тигил Соке деле ымтырап досунун көзүн карап турат өзү эч нерсе чечүүгө дарамети жетпейт деп ортого шынаасын каккандар да жок эмес.

А турмуш чындыгына келсек тактысын татыктуу өткөрүп берген А. Атамбаев азырынча бийликке сугун артпай, көкүрөгүндөгү орошон ойлорун бышырууга, келечектүү пландарын кыраатына келтирүүгө, убактысы кенен кезинде кетирген кемчиликтерин терең анализдөөгө дитин бурат. Бийликти жүргүзүп жаткан өлкө башчыга, премьер министрге, спикерге обу жоктонуп кирише бербейт. Анткени бул киши башчылардын чечкиндүүлүгүнө, өз алдынчалуулугуна маани берет. Таптакыр эле тескериленип баратканда гана тартипке чакырып коюга бет алат. Себеби, кыргыз мамлекетине коркунуч жарала баштаса Атамбаевдин тынч отуруп калууга чыдамы жетпейт.

Азырынча Сапар Исаковдун сапарларынан мүчүлүштүк кете элек. Ал кайсыл эл аралык жыйынга барса да тастыкталган, мыйзам ченемге бап келген, өлкөгө оң таасир берчү маселелердин тегерегинде маңыздуу сүйлөп жатат. Өзүн андай учурда кантип алып жүрүү керектигин, кайсыл кезде кандай мааниде жооп беришти биротоло өздөштүрүп алган жайы бар. Кантсе да ал мурдагы президенттин мектебинен такшалганын иш жүзүндө далилдөөдө. Анан ушундай баш бакандын ордуна эмнеге Атамбаев азгырылмак эле? Анын үстүнө сөзгө үзүлүп түшүп мамиле кылган экс-президент элге берген убадасынын өтөлүнө чыгууга кам көрөрүн коомчулук билет. Ага карабай эле “өрдөкчүлөр” түркүн жоромолдорун жар салууга кызыктар. Булардын деле дартын билүүгө болот. Антип машакаттанбаса алардын аш казаны майланбай, тамгалары ийрелеңдеп, аргументтери чийкиленип, көздөрү тумандап жаман болушары маалым. Ар ким өз оокатын кылууга аракетин аянбайт эмеспи? Турмушта ачуу менен таттуу, арам менен адал, жаман менен жакшы катар жүргөнүн эске алып койгондон кичирейип кетпейбиз.

Булак: Ачык сөз


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549