www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Coca-Cola" Түркмөнстандагы өндүрүшүн токтотту

Гүлжан Шерипбаева 07-декабрь 2017, 09:23

Коом Дүйнө жүзүндө


"Coca-Cola" Түркмөнстандагы өндүрүшүн токтотту

«Азаттыктын» түркмөн кызматынын өз булактары кабарлашкандай, "Coca-Cola Türkmenistan" компаниясы өндүрүшүн убактылуу токтотуп, калган кызматкерлерин жумуштан кетирди. Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы билдирди.

"Coca-Cola Turkmenistan" ишканасына ээлик кылган түркиялык "Coca-Cola İçecek" компаниясынан алар Түркмөнстандагы ишмердүүлүгүн токтобой тургандыктарын билдиришти.

"Компаниянын Түркмөнстандагы иши тууралуу билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Биз бул өлкөдөгү ишибизди улантып жатабыз. "Coca-Cola İçecek Turkmenistan" компаниясы сатыкка чыгып жаткан газсыз жана газдалган суусундуктарды өндүрөт. Ашхабаддагы фирмабызда 300 киши иштеп жатат", - деп жазылган компаниянын расмий билдирүүсүндө.

5-декабрда "Coca-Cola İçecek" компаниясынын өкүлү Александра Аккирман Түрмөнстанда валюта алмаштыруудагы кыйынчылыктардан улам өлкөдөгү компания кыйынчылыктарга дуушар болуп жатканын, буга байланыштуу "Coca-cola" суусундуктарын өндүрүү убактылуу токтотулганын билдирген. Бирок ал кызматкерлерди жумуштан кетирүү тууралуу маалыматтарга ээ эмес экенин кошумчалаган.

Ноябрда Түркмөнстанда "Coca-cola" суусундугунун бардык түрү 2-3 эсеге кымбаттап, айрымдары дүкөндөргө чыкпай калган. Учурда Ашхабаддагы ири супермаркеттерде "Coca-cola" сатыкта жок экени айтылууда.

Быйыл “Coca-Cola Türkmenistan” компаниясы Уруш искусстволору боюнча жабык имараттардагы V Азия оюндарына расмий демөөрчүлүк кылган.

Булак: NazarNews.kg


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549