www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кадр маселесин Соке өзү, калганын Жумабеков менен Исаков чечет...

Гүлжан Шерипбаева 06-декабрь 2017, 18:08

Саясат


Кадр маселесин Соке өзү, калганын Жумабеков менен Исаков чечет...

Акыры Сооронбай Жээнбеков президенттик тактыга отуруп ишине киришти. Ал ортодо ат тезегин кургатпай бетин көрсөтпөй, аты жөнүн өзгөртүп туруп согууга ык алган жазмакерлер раматылык Шарип аксакалдан баштап “дарсын” окуй баштады. Каяктагы жомокторду токуп чыккан эрендердин жазганына деле ишенгидей караан сезилбейт. Анткени менен ошол имиштерди куюндатып жиберүүгө тик тургандар жок эмес. Атам замандагы кишилердин атына шек келтирип соктургандар бир туруп өздөрү токуган “сыйкырларга” баш чайкап жиберишери турган иш.

Жебенин учун Асылбекке бургандар болсо тимеле кошо карап тургандай кашайта калпын айтышууда. Анын кабинетинин алдында тизилгендердин санаты жок имиш. Ак үйдүн ичине киргендердин ким экендигин оңой эле билип алса болот азыр. Анчалык кызыгышса сурап, канча киши Асылбекке кирип чыкканын жөндөп алышсын. Кадр маселесин мындан кийин Соке өзү, калганын Жумабеков менен Исаков чечерин деле коомчулук билет. Албетте, депутат болуп парламентте отурган А. Жээнбеков болсо бийликтин кыйшык кеткен жолдорун түзөтүүгө сөзсүз түрдө көмөгүн көрсөтөт. Ыгы жок эле башка маселелерге кирише бербейт десек эп болот. Анын деле агасын жаманатты кылгысы келбесине анчалык акылдын кереги жок. Кезинде үлкөн бийликтин бутагынан орун алып, жети кабат ыйык жердин аки-чүкүсүн жон териси менен туйуп калган Асылбек мырза оңой менен тетири кеткен кеп-сөзгө илинбесе керек…

Булак: Ачык сөз


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549