www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Төрөбаевдин деле өзүнчө жакасы бар

Гүлжан Шерипбаева 06-декабрь 2017, 16:46

Саясат


Төрөбаевдин деле өзүнчө жакасы бар

Кыргыз элинде таамай айтылган макал бар “Жакасы бөлөктүн жаны бөлөк”-деген. Анын сыңарындай Бакыт Төрөбаевдин жаны биротоло Бабановго биригип кетпейт десек болот. Анысын өткөндөгү чоң жыйында тастыктап койду. Тимеле кошоматчылыктын туу чокусун көрсөттү го жалынып, жалбарып.

Шайлоодо болсо азыркы ажо тараптан чабылган чыйыр жарабайт, биз башкача жолду салабыз дешип чамынышкан эки азамат. Тилекке каршы бизнеске карай, өзүм билемдикке алып баруучу жолду салалбай калышты. Ал жолду салууга көрөңгөлүү эл каршылыгын көрсөтүп, тилектерин таш каптырып таштады. Бул абдан туура чечим болгонун басымдуу катмар акыры туйду. Ал тургай каармандардын өздөрү да кемчилигин моюндашты.

Албетте, турмуш деген бир орунда турбайт, кыялдар дайыма эле ишке аша бербейт. Б. Төрөбаевдин да үй-бүлөөсү, жакындары тынчтыкта, барчылыкта жашагысы келет. Ким эле жылуу очогунун талкаланышын кааласын? Өпкөсү чарадай болуп копшолгон Бакеңдин деле тирүүлүктө карманган принциптери бар чыгар? Ошондуктан ал жаза баскан жерлерин кайра басып кокуйлап калбоого тырышат. Бийликтин укуругу узун экенин ал дагы бир ирет жон териси аркылуу сезди. Мындан ары табакка куюлган сууну да үйлөп ичип каларында калет жок. Тилин болсо дайыма тишине катып жүрбөсөөзүнө айгак чыгарын да мыктылап билүүгө шарт түзүлдү. Кайсыл күнү мени кара теке сүздү эле деп өкүнгөнүн да жакындары кеп кылышканы бекерден эмес. Айтор, жашоонун кадырын, эркиндиктин баркын мындан ары бийик кармоого Төрөбаев аракетин аябастыр деген ойдобуз. Анысынан айныган күнү балээге кабыларын билип эле калгансыды.

Булак: Ачык сөз


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549