www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эшектин этин жегизгендер дале бар

Гүлжан Шерипбаева 06-декабрь 2017, 16:24

Коом


Эшектин этин жегизгендер дале бар

Эки жылдан бери карай эшектин эти тууралуу каңшаарлар түгөнө элек. Антейин десең өзбектерде деле элине эшектин этин “деликатес” катары жедиргиси келген шылуундар бар экен. Жакында эле рейд мезгилинде эки эшектин этин Хорезм облусуна караштуу “Шаршара” колбаса цехине тапшырган кезде колго түшүп калыптыр. Атайын лабораториялык текшерүүдөн шектүү этти текшерткенде аныгына чыгышыптыр. Көрсө колбаса цехинин кампачысы арзандыгына кызыгып эшектин этин уйдуку деп кабыл алып жүрүптүр. Ошентип кызыл кекиртегинин азабынан ал да кылтакка илинди. Эми тигил эргулдарды жазага тартышат чыгар?

Тилекке каршы биздин “эшекчилер” кандай жазага тартылганы боюнча маалымат элге жете элек. Башкы эшекчи деп табылган Юруслан Тойчубековдон деле кабар жок. Ың-жыңсыз жоголгондорду капчыгын ойлогон кызыл шапкечендер керектүүсүн алып унчукпай койуп жүрөбү деген күмөн пайда болот. Дале болсо эшектин терисин анча-мынча тыйынга пулдаш үчүн жаш балдар эрмектеп жүргөнүн угуп калабыз. Негизи унаа катары күчү пайдаланылган эшектин “тукуму” азайып баратканы ырас. Айылдарда болсо эшектерди катуу кайтарууга алып калышты. Болбосо чак түштө эле талаага айдап барып күм-жам кылып жиберчүлөр дале бар. Айтор, эшегиңерге сак болгула, элеттиктер?

Булак: Ачык сөз


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549