www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ажыкелер этият болгула?

Гүлжан Шерипбаева 06-декабрь 2017, 16:02

Коом


Ажыкелер этият болгула?

Азыркы учурда порно тасмага түшүп калуу Быржыбайды там бастыдан эрте болуп кетерин эскерте кетели. Илгери кадимки Өмүрбек Текебаев өзүнүн порно тасмасы менен журтка даңаза болгонун эмгиче унута элекпиз. Аны да артынан аңдып жүргөндөр кылтакка илип мазза кылышкан. Ошол “сексти өлө тарткычтар” ушул тапта деле өз кесибин өркүндөтүп жүргөнү калп эмес. Анткени алар оригиналдуу талантынын амири менен оокатын жасоого куштар. Ток этерин айтканда ар бир “чыгармасы” чоң акча менен өлчөнөт. Ал эми каражат табуунун амалы түркүн “кокустуктарга” туш кылары белгилүү. Мындай тасманын каарманы катары дагы бир эпчил жазмакер таанылган. Ошондуктан Адикең азыр алыстан жергебизди шыкаалап, эски өткөн күндөрүнө куса болуп жүргөн кези.

Дагы бир кызык порно тасма жарк эткен. Ошол кездеги Кыргызстандын муфтийи Р. Эгембердиевдин “түнкү аракети” кыраатына келтире тартылгандыктан ал кызматын тез арада тапшырып, сызган бойдон кеткен. Ошондон бери коомчулукка таанымал дин кызматкерлери боюнча мындай маалымат жок эле. Тилекке каршы Чубак ажынын да порносу бар экендиги тууралуу “кабар” кетти. Негизи ушинтип элди дүрбөтүп коюп андан кийин даректүү тасмаларды коң берчү адат калыптанган. Жел жүрдүбү, демек шыбышы сөзсүз болорун деле таналбайбыз. Ал тургай мунун демин сезип калган ажыке айла жоктон элге экинчи аял алгандыгын билдирүүгө мажбур болду деген божомол бар. Анын үстүнө ал Гюленчи катары белгилүү эмеспи. Демек, ушундай болушунан шек саноого деле болбостур деген ой башка кылт дей түшөт. Эй элди аппак жашоого үндөгөн ажыкелер, өзүңөр да мындан кийин сак болгула, болбосо порно тасмага түшүп каласыңар…

Булак: Ачык сөз


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549