www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кудайбергеновдун “бормуласынын” төркүнү эмнеде?

Гүлжан Шерипбаева 06-декабрь 2017, 15:29

Саясат Маданият жана адабият


Кудайбергеновдун “бормуласынын” төркүнү эмнеде?

Шайлоо убагында Абдылда кеткенден кийин Өмүрбек Бабановдун тамадасы Борончу болуп калган. Сахна менин колумда деп ойлоп алган куудул кээде ойт бермеси кармаганда кожоюнду көзүнө илбей энеңди деп сөгүнүп жибергенин деле баамдаганбыз. Көрсө курсагы нык этке тойгон жан-жөкөрлөрдүн көзүн май басып калат экен. Айтор, ныксыраган Бокең каалагандай “дирижерлук” жасады шайлоонун шарапаты менен.

Тилекке каршы 15-октябрда президент Өмүкең эмес Соке болуп калганда Борончунун чудосу чыгып, эми алты жыл сахнадан жат боломбу деп каңырыгы түтөгөнүн билебиз. Ким билет, азыноолак саясатка аралашып калган тамада качкан лидердин ордуна Руслан Казакбаев шайланганына ичи жылып, кыйла кубанычтуу “ноталарын” чиймелептир. Чамасы кийинки шайлоодо ушулардын тизмесине кирейин деген тилеги бар окшойт. Илгери кыйраткансып Жамбул экөө ажолукка жарайбыз деп өкүрөңдөшкөн. Бирок, депутат болууга кызыл тил гана эмес оор капчык да керек экенин мээсинен чыгарбашы кажет. Же ал убакта да тамадалык милдетти кошо жүктөнүп азыркы лидерге жагып кетем деп үмүт этип калдыбы? Эмнеси болсо жегениңди актоо зарылдыгын унутпа деген принципти карманган азаматтардан экен Борончу.

Булак: Ачык сөз


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549