www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Олжолуу кайткан ажо ишке батыл киришти

Гүлжан Шерипбаева 06-декабрь 2017, 15:11

Саясат


Олжолуу кайткан ажо ишке батыл киришти

Жаңыдан шайланган ажобуз Сооронбай Жээнбековдун алгачкы Минскиге болгон сапары кандай жыйынтыкталат деген суроо аң-сезимдүү адамдын бүйүрүн кызытканы деле ырас. Оболу ажо Москвага барып, Россиянын президенти Владимир Путин менен жолугушуп, андан кийин премьер министр Дмитрий Медведевдин кабыл алуусунда болду. Экөө тең ак дили менен куттуктоосун айтып, биздин өлкө башчыга албан ийгиликтерди жолдошту. Андан соң Минскиге сапар тартып Белоруссиянын президенти А. Лукашенконун жылуу кебине арзыды.

Албетте, баарынан да казактардын эл башы Нурсултан Назарбаев менен бет келишүүсү кандай болоруна ичинен толкунданганы деле чын. Оңунан болуп бөтөн жерде Нураке жайылып, жазылып мамиле кылганынан Сокенин баягы жыйрылып турган денеси түзөлүп экөө бир туугандай жайдаңдашты. Жыйынтыгында чек аралар ачылып, жүргүнчүлөрдүн, жүк ташуучулардын, ишкерлердин бырышкан чекелери жайдарыланып мурдагыдай маанай жаркыды. Сапарды жемиштүү оодарган Сооронбай Жээнбеков ишке батыл киришип, күч түзүмдөрүнүн жетекчилерин кабыл алып, алардын акыркы маалыматтарын угуп, мерчемдүү тапшырмаларын берди. Мамлекеттин биринчи адамы катары табылган соң ириде чечкиндүү кадамдарды жасоо зарылдыгын ажобуз илгиртпей түшүнөт. Ошондуктан өлкөнүн кызыкчылыгына багытталган маанилүү иштердин өтөлүнө чыгууга дитин бурат. Ал эми ар кандай тескери кептерди чаргыткандардын мындан ары арабасы кылдырап ылайда каларынан деле шектенүүгө болбойт. Андан көрө бир муштумга түйүлүп кыргыз өлкөсүн алдыга карай өрдөтүүгө күчүбүздү чегерүүбүз талапка ылайык келерин эске туталы.

Булак: Ачык сөз


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549