www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусия Казакстан менен Кыргызстандын жашылча-жемиштерин киргизген жок

Гүлжан Шерипбаева 06-декабрь 2017, 15:01

Коом


Орусия Казакстан менен Кыргызстандын жашылча-жемиштерин киргизген жок

Орусия бийлиги декабрдын башынан бери Новосибирск облусуна Кыргызстан менен Казакстандан барган ондогон тонна карантиндик жер-жемиш киргизилбегенин билдирди. Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы жазып чыкты.

Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын Новосибирск облусу боюнча башкармалыгынын маалыматына караганда, мыйзам бузууларга байланыштуу 76 тонна карантиндик продукция «Карасук» көзөмөл бекетинде кармалган.

Башкармалыктан билдиришкендей, Казакстан жана Кыргызстандан барган автоунааларды текшерүү — кыргыз курмасы, алмасы, коону жана жалпы салмагы 55,7 тоннаны түзгөн казак пиязынын таңгагында маркировка жок экенин көрсөткөн.

Андан тышкары жалпы салмагы 609 килограммды түзгөн кыргыз кагы, курмасы жана кызыл күрүчү, казактардын кургатылган кара өрүгү, анары, жаңгагы, ошондой эле кытайдын мандариндери менен жүзүмдөрүндө фитосанитардык сертификаттар жок болгон. Бул азыктар кайра артка жөнөтүлгөн.

Башкармалыктан мындан тышкары ондогон килограмм алмурут жок кылынганын билдиришти. Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча жалпы салмагы 36 килограммды түзгөн Казакстандан барган фитосанитардык сертификаты жок эки алмурут партиясы кармалган. Аларда Бельгиянын жана Нидерландынын маркировкалары болгон. Кийин кармалган азыктар жок кылынган.

Булак: NazarNews.kg


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549