www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусия- Елена Темникова, ырчы: “Саныбызды көрсөткөндөн уялган кыздарга продюсерибиз ачык кийинүүгө мажбурлаган”

Гүлжан Шерипбаева 06-декабрь 2017, 14:24

Маданият жана адабият


Орусия- Елена Темникова, ырчы: “Саныбызды көрсөткөндөн уялган кыздарга продюсерибиз ачык кийинүүгө мажбурлаган”

Елена абдан позитивдүү жана жылдыздуу кыз. Ал бактылуу эне жана анын жашоосу толугу менен гармонияга бай. Темникова “Жылдыздар фабрикасы” пайда болгондон тарта атактуу боло баштаган. Бирок, атактуулук жан дүйнөдөгү тынчтыкка, бейпил жашоого, тең салмактуулукка кепилдик бербей турганын ырчы айым жакшы билет.

- Лена, сенин жолдошуң экөөңөрдүн мамилеңерге абдан таң берем. Силер бири-бириңерден алыстап көрдүңөр беле?

- Ооба. Бирок, биз ар дайым бир жерде болууга аракет кылабыз. Үйдө Дима иштей турган бөлмөсү, мен өз ишим алек боло турган бөлмөм, үй иштери, бала менен алек болуу бизде бир жерде. Жолдошумсуз шаардан сырткары эч жакка чыга албайм. Эгер мүмкүнчүлүк болсо жолдошум ар дайым жанымда жүрүшүн каалайм.

- Муну кандай мамиле деп тушүнсөк болот?

- Мисалы, мен студияга жолдошумсуз бара албайм. Себеби, ал жакта мен ырдап бере турган эч ким жок. Маанилүү үн жаздыруулар болгондо Дима жанымда болгонго аракет кылабыз. Сахнага чыкканда да дайыма ал залда олтурганын сезем.

- Жолдошуң ишмер адам эмеспи, бизнесмен, анын өзүнчө территориясы болсо керек?

- Жолдошум дайыма дистанция менен иштейт. Эгер ал маанилүү жолугушууда болсо, мен дагы андан алыс эмес жерде өзүмдүн жолугушууларымды уюштура берем. Дима чет өлкөгө чыкканда аны абдан сагынам. Кызым менен үйдө жалгыз калганда эч нерсеге көңүлүм келбейт. Уктай албай, тамак иче албай калам.

- Жолдошуң чет өлкөдө окуп, эмгектенип сен үчүн Москвага келгенин билебиз. Кантип табышып калгансыңар?

- Мен “Серебро” тобунда ырдап, “Евроведение” кароо сынагына катышканда бүткүл дүйнө жүзүндө бул сынак теледен көрсөтүлгөн эле. Ошондо Дима Европада жүрүп, биздин топко добуш берген экен. Кийин Сочиге жеке иштери менен келип, мейманкадан биздин топтун клиптерин көрүп, эң алгач менин көздөрүмдү жактырып, издеп жөнөптүр. Ал мага атын айтпай абдан көп сюрприздерди жасаган. Баардыгы өзгөчө болгондуктан, мага жагымдуу маанай тартуулаган мырза тууралуу билгим келген. Мен ойлонуп бүтө электе эле экөөбүз жакындан таанышып, жолугуп калдык. Ошондо дароо менин жолдошум болоорун жүрөгүм менен сезгем.

- Эми чыгармачылыгың тууралуу кеп кылсак, экс-продюсериң Максим Фадеев келишим аягына чыга электе эле эмнеге сени “Серебро” тобунан кетирип салган?

- Ал убакта мени топто көп нерсе канаттандырбай калган. Тактап айтканда, биздин имидж. Башында биздин костьюмдарыбыз жабык болчу. Ал эле эмес саныбызды көрсөткөндөн уялчубуз. Акырындык менен клиптерибизде, сахнада ачык костьюмдарыбыз пайда боло баштады. Бийлерге сексуалдуу кыймыл-аракеттер коюла баштады... Топтогу кыздардын жүрүм-туруму өзгөрүлүп, мажбурланган жашоо улана баштады. Топто көптөгөн конфиликттер болду. Ошону менен мен кеттим.

- Өз алдынча жашоону баштагандан корккон жоксуңбу?

- Жок. Ал убакытта мен музыканы таштап салууга даяр элем. Түбөлүккө... Бирок, андай болгон жок.

- Топтон кетип, эркиндиктин даамын сездиңби?

- Топтон кеткени өзүмө 10 кг салмак коштум. Жөн гана тынч жашоо башталды. Стресс менден кетти... “Серебро” менен болгон жашоомо чекит коюлганына абдан бактылуумун! Эң башкы бакыт кызымдын жарыкка келгени. Жолдошумдун жардамы менен менин жашоом толугу менен өзгөрүлдү. Дима мага сүйүктүү кесибиме кайтып келүүгө жана жеке чыгармачылыгымды баштоого чоң жардам көрсөттү.

Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg

 


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549