www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эрдоган Иерусалим боюнча АКШны эскертти

Гүлжан Шерипбаева 06-декабрь 2017, 11:23

Саясат


Эрдоган Иерусалим боюнча АКШны эскертти

Президент Режеп Тайип Эрдоган, Иерусалимдин мусулмандардын кызыл чийини экенин айтты.

Президент жана ошондой эле Адилеттик жана өнүгүү партиясынын башкы жетекчиси Режеп Тайип Эрдоган, партиясынын Түркия Улуу Улуттук Жыйынындагы фракция жыйналышында сөз сүйлөдү.

АКШнын президенти Дональд Трамптын Иерусалимди Израилдин борбор шаары катары тааный турганы жөнүндөгү маалыматтардын өзүн аябай капа кылганын белгилеген Эрдоган: «Урматтуу Трамп, Иерусалим мусулмандарынын кызыл чийини болуп саналат. Бул биздин Израиль менен дипломатиялык карым-катнаштарыбызды токтотууга чейин алып барышы мүмкүн. АКШны бул жерде дагы жолу эскертебиз. Мындай кадам таштай албайсыз. АКШ бардык жумушун бүтүрүп ушул калдыбы. ДЕАШка каршы күрөшүүнү бүтүрүп ушул калдыбы»,-деп каршылык көрсөттү.

Ислам Кызматташтык Уюмунун кезектешкен төрагасы катары бул теманы аягына чейин жактай тургандарын баса белгилеген Эрдоган: «Эгерде ушундай кадам таштала турган болсо, 5-10 күндүн ичинде Ислам Кызматташтык Уюмунун лидерлерин Стамбулга чогултабыз»,-деди.

Булак: трт.нет


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549