www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ЖК эл өкүлдөрү бүгүн пайдалуу мыйзамга кол көтөрдү

Гүлжан Шерипбаева 06-декабрь 2017, 11:15

Саясат


 ЖК эл өкүлдөрү бүгүн пайдалуу мыйзамга кол көтөрдү

Бүгүн, 6-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (Жер кодексине, “Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө” Мыйзамга) 2-окууда каралды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди. 

Мыйзам долбоору боюнча Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Рада Туманбаева баяндама жасады.

Бүгүнкү күндө жер тилкелери үлүш-үлүштөргө берилип, бөлүнүп кетиши агрардык сектордун өнүгүүсүн жайлатууга алып келди. Мындай жагдайды чечүүдө айыл жергесинде экономикалык жактан пайдасын түшүндүрүү жолу менен ыктыярдуу негизде кооперацияга өтүү башкы маселе. Кооперацияларга биригүүнүн негизги максаты материалдык жана каражат ресурстарын рационалдуу колдонууга, өндүрүштүк жана башка чыгымдарды азайтууга, рынокто тиешелүү артыкчылыктарга жетишүүгө мүмкүнчүлүк алат.

Сунуш кылынган мыйзам долбоору айыл чарба кооперативдеринин жана фермердик чарбалардын ортосунда бирдей шарт түзүүдө айыл чарба багытындагы жерлерди менчикке же пайдаланууга берүүдө бирдей укук берүү үчүн, ошондой эле жер үлүштөрүн же жер тилкелерин сатууда айыл чарба кооперативдерин колдоо максатында сунушталган. Долбоор аркылуу айыл чарба багытындагы жерлерди пайдаланууга берүүдө ошол айыл аймактын аймагында катталган жана иштеген  айыл чарба кооперативдери артыкчылык укугуна ээ болоору көрсөтүлгөн.

Жыйынтыгында депутаттардын сунуш-пикирлери эске алынган тармактык комитеттин корутундусу менен мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жиберилди.

Булак: NazarNews.kg


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549