www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Аскарбек Шадиевге оомат келди

Гүлжан Шерипбаева 06-декабрь 2017, 10:30

Саясат


 Аскарбек Шадиевге оомат келди

Жогорку Кеӊеш Премьер-министр тарабынан биринчи вице-премьер-министр кызмат ордуна көрсөтүлгөн Аскарбек Шадиевдин талапкерлигин жактырды. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирди. 

Премьер-министр Сапар Исаков сунушталган талапкер бул кызматка дайындалып калса, отун-энергетикалык комплекси жаатындагы маселелерди тескей турганын, ал бул маселелерди жакшы билерин, тажырыйбалуу кадрлардын бири экенин белгиледи. «Конституцияга киргизилген жаӊы өзгөртүүлөргө ылайык, биринчи вице-премьер-министрликке дайындалып калса, өзүнүн депутаттык мандатын сактап калат. Анын тагылган милдетти аркалап кете аларына кепилдик бере алам. Мында парламент менен өкмөттүн өз ара байланышы да кыйла чыӊдалат», - деди ал.

Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков жалпы депутаттардын атынан Аскарбек Шадиевди аткаруу бийлигиндеги жооптуу кызматка дайындалышы менен куттуктап, анын ишинде ийгиликтерди каалады. Ал эми Аскарбек Шадиев чоӊ ишеним көрсөткөнү үчүн депутаттарга өз ыраазычылыгын билдирип, мындан ары да кыоргыз парламенти менен биргелешип иш алпарууга убада берди.

Белгилей кетсек, «Бир Бол» саясий партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеӊештин депутаттыгына шайланып келген Аскарбек Шадиев ушу тапта Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин төрагасы болуп саналат.

Булак: NazarNews.kg

 

 

 


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549