www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чубак ажы кайрадан суракка чакырылды

Айнура Абдиназарова 04-декабрь 2017, 14:26

Коом


Чубак ажы кайрадан суракка чакырылды

Бишкек шаардык милициясы мурдагы муфтий Чубак Жалиловду бүгүн дагы суракка чакырды. Бул тууралуу анын жактоочусу Акин Токталиев “Азаттык” радиосуна билдирди.

- Чубак Жалиловго чакыруу Бишкек шаардык милициясынын тергөөчүсү Октябрь Макенбаевдин атынан келген. Алар Жалиловду буга чейинки экинчи аял алганы тууралуу билдирүүсүнө байланыштуу чакырышкан. Тергөөчүлөр экс-муфтийден “экинчи аял алдым деген маалымат жалган деп айтып кой” деп талап кылып жатышат, - деди Токталиев.

Жалилов 3-декабрь күнү да Бишкек шаарынын тергөөчүлөрү тарабынан суракка алынган. Токталиевдин айтымында, экс-муфтий алты саат суракка алынган, бирок милиция аны эки саат гана сураганын билдирүүдө.

Чубак ажы Жалилов өткөн жумада экинчи аял алганы тууралуу видео тараткан. Ал: "Мен үйлөндүм. Бирок байбичем менен ажырашкан жокмун. Ал бир аз капа болуп жатат. Капа болууга, кызганууга анын укугу бар. Мен Түркияда бала багып жүргөн, жесир калган 30дан өткөн келинге үйлөндүм", деп жарыялаган.

Анын бул айткандарына Жогорку Кеңештеги айрым депутат аялдар реакция жасап, укуктук баа берүүнү талап кылышкан. Кылмыш-жаза кодексинин 153-беренесине ылайык, эки же андан көп аял алгандар, башкача айтканда, жалпы чарба жүргүзүп, эки же андан көп аял менен чогуу жашагандар эки жылга чейин эркинен ажыратылат.

Булак: Азаттык


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549