www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сүрөт - Мамлекеттик патенттик-техникалык китепканага 50 жыл

Майрамбек Каримов 02-декабрь 2017, 14:41

Экономика


Сүрөт - Мамлекеттик патенттик-техникалык китепканага 50 жыл

2017-жылдын 1-декабрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын (Кыргызпатент) алдындагы Мамлекеттик патенттик-техникалык китепканасынын 50 жылга толгондугуна байланыштуу салтанаттуу юбилейлик иш-чара болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан китепкананын жамаатын Өкмөттүн аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы АлмазбекБейшеналиев куттуктады. Ал азыркы шартта кайсы болбосун интеллектуалдык ишмердүүлүк маалыматтык камсыздоосуз мүмкүн эмес болуп эсептелерин белгиледи. “Патенттик-техникалык китепканада болгон документтер салттуу кагаз алып жүрүүчүдө гана болбостон, китепкананын ресурстарын санарипке өткөрүүдө активдүү иштер жүргүзүлүп жаткандыгы кубандырат”, – деп билдирди ал өз каалоолорунда. Өкмөттүн өкүлү китепкананын фондун санарипке өткөрүү боюнча ведомствонун активдүү ишин, “Таза коом” санариптик трансформациялоо жалпы улуттук программасынан алдыга озуп кеткенин баса белгиледи.

Кыргызпатенттин төрагасы Досалы Эсеналиев өзүнүн куттуктоо сөзүндө өз ишинин кесипкөйлөрүнүн жана китепканалык кесиптин энтузиасттарынын, китепканачылардын өз ишине жана окурмандарына берилген көп жылдык эмгегин баса белгиледи. “Китепкананын фондун толуктоодо салтты сактоо менен жаңы технологияларды өнүктүрүү чыгармачылык мамилени жана тиричилик энергиясын талап кылат”, – деп айтты ДосалыЭсеналиев.

Салтанаттын жүрүшүндө патенттик китепкананын ишмердүүлүгүнүн 50 жылдык мааракесине байланыштуу көптөгөн куттуктоолор жана каалоолор айтылды. Китепкананын бир катар кызматкерлери төш белгилер жана ардак грамоталар менен сыйланышты.

“Патенттик кызматтын отличниги” төш белгиси менен МПТКнын директорунун орун басары МаркабайАаматов,МПТКнын башкы китепканачысы Галина Келдикулова,МПТКнын мамлекеттик патенттик фондунун бөлүм башчысы Анара Иманалиевалар сыйланышты.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын Ардак грамотасы менен: МПТКнын мамлекеттик патенттик фондунун башкы китепканачысы Елена Заболотняя; МПТКнын жетектөөчү китепканачысы Татьяна Барышникова; жетектөөчү библиограф ГульзинаМавлянова сыйланышты.

Мындан сырткары, китепкананын бир топ кызматкерлери Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын жана Кыргыз Республикасынын кызматкерлеринин профсоюзунун борбордук комитетинин төш белгилери жана ардак грамоталары менен сыйланышты.

Иш-чара ата мекендик эстраданын жылдыздарынын концерти менен коштолду.

Маалымдама:

1967-жылы Кыргыз ССР Министрлер Кеңешинин Токтомунун негизинде Республикалык илимий-техникалык китепкана (РИТК) уюштурулган. Илимий-техникалык прогрессти өнүктүрүүгө көмөктөшүүдө илимий-техникалык адабияттардын жана ченемдик-техникалык документациялардын фондун толуктоо жана уюштуруу түзүлүүнүн максаты болуп саналган.

50 жылдын аралыгында китепкана өзүнүн түзүмүн, маалыматтык ресурстарын, жамааттык жана жеке абоненттерди ыкчам китепканалык-маалыматтык тейлөө үчүн кызмат көрсөтүүлөрүн жакшыртуу менен этаптуу өнүгүп отурган. 1998-жылы китепкана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патенттик кызматынын карамагына өткөрүлүп берилип, Мамлекеттик патенттик-техникалык китепкана деп кайра аталган.

Азыркы учурда китепкана өз ишин Кыргыз Республикасынын жарандарына,алардын интеллектуалдык ишмердүүлүктөрүнө көмөктөшүүдө китепканалык-маалыматтык тейлөөнү кеңейтүүгө жумшап келет. 2016-жылы китепкана “Электрондук китепкананын электрондук толук тексттик маалыматтар базаларын түзүү” долбоорун даярдаган. 2017-жылдан тартыпКыргызпатенттин жардамы менен китепкананын ресурстарын санарипке өткөрүү жана электрондук маалыматтар базаларын түзүү боюнча активдүү иш аракеттер жүргүзүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549