www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ЖК V чакырылышынын төрагасы Ахматбек Келдибеков Улан Чолпонбаевдин үй-бүлөсүнө көңүл айтты

Гүлжан Шерипбаева 17-ноябрь 2017, 22:13

Расмий кабарлар Саясат


ЖК V чакырылышынын төрагасы Ахматбек Келдибеков Улан Чолпонбаевдин үй-бүлөсүнө көңүл айтты

Кырчындай 40 жаш курагында мамлекеттик жана коомдук ишмер, Жогорку Кеңештин V жана VI чакырылышынын депутаты Чолпонбаев Улан Сапарбекович дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу ата-энесине, жакындарына, үй-бүлөсүнө, бир туугандарына үй-бүлөмдүн жана өзүмдүн атымдан терең кайгыруу менен көңүл айтамын!

Жаш, патриот инсандардын жарык дүйнөдөн кайра келбес тарапка кош айтып кетиши жүрөк сыздатат. Улан иним жаш болсо дагы Кыргызстанга бир топ кызматын көрсөтүп, Жогорку Кеңештин эки чакырылышынын депутаты кызматын аркалап, мамлекеттик деңгээлдеги көптөгөн мыйзам долбоорлордун автору болгонго жетишти. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун ардактуу атуулу, бир нече кайрымдуулук иштердин уюштуруучусу, кыргыз деп жүрөгү согуп, элим десе от болуп жанган иним, кырчындай убагында узакка созулган оорудан улам дүйнөдөн кайтты. Бул кыргыз эли үчүн жана жакындары үчүн орду толгус оор жоготуу, кайгылуу кабар болду.

Иним Уландын, жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун, Кудай тиги дүйнөдөн бейиштен орун берсин!  

Ахматбек Келдибековдун үй-бүлөсү

Булак: NazarNews.kg


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549