www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ВИДЕО - Суу кодекси боюнча талкуу ызы-чуу менен аяктады

Гүлжан Шерипбаева 11-ноябрь 2017, 09:22

Видеолор Саясат


ВИДЕО - Суу кодекси боюнча талкуу ызы-чуу менен аяктады

Кечээ, 10-ноябрда Бишкекте өткөн КР Суу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү менен Канадалык компанияга алтын казуу үчүн кыргыздын Кумтөрдөгү эки,  Давыдов менен Лысый мөңгүлөрүн талкалоого уруксат берүү боюнча талкуу аз жерден мушташка айланып кете жаздады.

Талкууга катышкан вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев "өкмөт мыйзамды артка чакыртпайт, анткени Кумтөрдүн үзгүлтүксүз ишин камсыздоо милдетин алган" деп жооп берип, жарандык коом өкүлдөрү буга катуу нааразылык билдирип чыгышты. Өз талаптары аткарылбагандан кийин талкууга катышып кажети жок деген негизде жыйындан чыгып кетишти. 

Белгилей кетсек, өкмөт мүчөлөрү, парламенттин айрым депутаттары, жарандык коом өкүлдөрү Суу кодексине сунушталган өзгөртүүлөрдү талкуулаган. Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү боюнча комитети 31-октябрда Суу кодексине киргизилген өзгөртүүлөрдү үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөткөн.

Булак: NazarNews.kg


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549