www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ВИДЕО - Сапар Исаков казак өкмөт башчысын маданияттуу түрдө ордуна койду

Майрамбек Каримов 27-октябрь 2017, 18:24

Видеолор Саясат


ВИДЕО - Сапар Исаков казак өкмөт башчысын маданияттуу түрдө ордуна койду

Казак бийлиги биздеги шайлоо маалында өзүнө кулча чөгөлөй турган адамды президент кылып алып келүүгө болушунча далалат жасаганы баарына маалым. “Манас” эпосунда айтылгандай кыргыз бийлиги коңшуларды “кой, койлосо да болбой” ички ишибизге кийлигишкенин уланта берди. Мындан улам өлкө башчыбыз Алмазбек Атамбаев кесиптеши Нуршалдын жасап жаткан аракеттерин катуу сынга алууга аргасыз болгон. Өлкө башчыбыздын айткан кептери карапайым казак элин “уйкудан” ойготконуна чоочулаган бийлиги эски адатын карматып чек арасын бекитти. Анын кесепетинен эки өлкөнүн жарандарынан тышкары үчүнчү өлкөлөрдүн жарандары да кыйналууда. Кырдаалды дипломатиялык, адамдык жол менен жөнгө салуу үчүн кыргыз тарап бар күчүн жумшап жатат. Бирок, өз элинин байлыгын тоноп көзүн май баскан казак бийлиги өлкө башчыбыздын сынына татыктуу жооп кайтарууга жарабай, жаш баланын ишин жасоодо.

Мындан улам, Еревандагы ЕАЭБдин саммитинде өкмөт башчыбыз Сапар Исаков маселени көтөрүп чыкты. Бирок адатынча ар шылтоону айткан казак тарап бул сапар дагы кыргыз бийлигин жек көрсөтүүнүн амалын издеди. Жыйында кыргыз тарапты күнөөлөгөн казак өкмөт башчысы Бакытжан Сагинтаевдин сөзүн жыйынтыктагандан кийин өкмөт башчыбыз Сапар Исаков ипломатиянын тилине салып, аны маданияттуу түрдө ордуна коюп койду.

Булак: egemen.kg


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549