www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Рамазан Атазов: "Күрөшүп жатканда көз алдымда атаандашым эмес Кыргызстан турат"

Гүлжан Шерипбаева 21-октябрь 2017, 13:04

Спорт


Рамазан Атазов: "Күрөшүп жатканда көз алдымда атаандашым эмес Кыргызстан турат"

-Спорт тармагында жаш болсо дагы чыдамкайлык менен күрөштү ойлогон Кыргызстандын белгилүү чемпиону Шайлообек Атазовдун иниси Рамазан Атазовдун патриоттук сезимин козгоп, сөзгө тарттык...

-Рамазан, биздин баамыбызга караганда өтө эле патриот көрүнөсүң. Дегеле Кыргызстан, кыргыз элим деп күйүп-жанып турганыңда эмне кеп бар? Дегеним Кыргызстанда деле жашабайт экенсиң?...

- Өзүм 2001-жылы төрөлгөнмүн. Атактуу чемпион Шайлообек Атазовдун иниси боломун. Аны менен сыймыктанып, агамдын жолун жолдоп келе жатамын. Чындыгын айтканда мен өтө эле Кыргызстан дегенде жүрөм кандайдыр бир башкача согот да. Машыгуу учурунда мен өзүмдүн жеңишим эмес, Шайлообек агамдай эле Кыргызстанды көз алдыма келтирип турамын. Жакында ноябрь айында өтө турган Сочидеги Россия Федерациясынын биринчилигине кызуу даярданып жатам. Буюрса Кыргызстандын намысын коргоп, дүйнө жүзүнө ата-бабаларыбыздын баатыр эл экенин далилдейм. Эс тартканда, Кудай буйурса Олимпиада чемпиону болсом дегени тилегим бар. Жаштын тилегин берет деп коёт го. Кыргызстандын желегин чет өлкөдө бийик желбиретем. Күнүнө окуудан сырткары 2 убак машыгууга барам. Спорттун дзю-до тармагына абдан кызыгамын. Бир аз мурун айтып өттүм, алдыда ноябрь айында Сочиде  Россия Федерациясынын чемпионаты болот. Ага Россиянын баардык област, шаарларынан келишет. Ошол жерде жеңишке жетсем мага кара кур берет. Ошого барып утуп келсем деген тилегим чоң. Атама чоң белек кылган болот элем. Кийин Кыргызстанга сөзсүз барам. Өзүбүздүн мекенден үйлөнөмүн. Улутубуздун намысын коргойм. Ата-энем убагында кыйналып бизди эжем экөөбүздү короолордо кар күрөп нан таап багып чоңойтту. Эми мен ата-энемди Ажыга алып барып батасын алышым керек. Кээ бир досторум интернет клубга кетишкенде, мен метрого түшүп алып спортзалга жөнөймүн. Ишенесизби, Кыргызстанды абдан сагындым. Ыссык-Көлгө өткөн жылы барып эс алып келдим. Кыргызстанда элдердин пейли кенен абдан сонун. Кудай буюрса, жеңишке жетсем, алгач Сиздерге кабарлаймын”, деген пикирин билдирди Рамазан Атазов.

Эске сала кетсек, Рамазан Атазаов, Кыргызстанга белгилүү инсан, кикбокс боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону Шайлообек Атазовдун иниси.

Булак: NazarNews.kg


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549