www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сүрөт - Жалал-Абадда спортчуларга сыйлыктар тапшырылды

Гүлжан Шерипбаева 19-октябрь 2017, 13:09

Коом Спорт


Сүрөт - Жалал-Абадда спортчуларга сыйлыктар тапшырылды

Жалал-Абад шаарындагы Токтосун Тыныбеков атындагы областтык филармонияда областын мыкты спортчуларын сыйлоо иш-чарасы болуп өттү. Ага Жалал-Абад шаарынын 1-вице-мэри Турдалы Темирбаев жана өкмөттүн  областтагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиевдер катышты.

Жалал-Абад облусунун спортчулары быйылкы жылы Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өткөрүлгөн  “Манас оюндарында” жана Түркмөнстан мамлекетинин Ашхабад шаарындагы V Азия оюндарында мыкты көрсөткүчтөрдү камсыз кылышкан спортчуларга сый-урмат көрсөтүлүп, акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Жалал-Абад областынын анын ичинде Жалал-Абад шаарынын спортчулары Эл аралык мелдештерде такай байгелүү орундарды камсыз кылып келе жатышат. Спорт - улуту, дини жана саясий көз караштары ар түрдүү болгон адамдарды, дене тарбиясы менен спортко кайдыгер карабагандарды жана сергек жашоо мүнөздөрүн алып жүргөндөрдү ар дайым бириктирип, достук менен карым-катнашты жакшыртып келет.  Спортчулар  өсүп келе жаткан жаш муундарга үлгү жана өрнөк болушууда. Кыргызстандын желеги спорттук мелдештерде ар дайым бийик желбирей берсин,- деди Т.Темирбаев.

Булак: NazarNews.kg


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549