www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сүрөт - Өзбекстан-Ырчы Лола: “Шахзоданы атамдын экинчи аялы, өгөй эне, курбу эмес, биздин үй-бүлөнүн мүчөсү катары кабыл алам”

Майрамбек Каримов 09-октябрь 2017, 14:14

Маек Маданият жана адабият


Сүрөт - Өзбекстан-Ырчы Лола: “Шахзоданы атамдын экинчи аялы, өгөй эне, курбу эмес, биздин үй-бүлөнүн мүчөсү катары кабыл алам”

Ырчы Лола- өзбек эстрадасынын эң жаркын жылдыздарынын бири. Ал тууралуу чеги жок айта берүүгө мүмкүн. Акыркы учурда ырчы айымдын жеке жашоосунда чоң өзгөрүүлөр болду, ал тууралуу бүгүн биз өз оозунан угуп, билебиз.

- Лола, беш жылдык тыныгуудан соң, эстрадага кайра кайтып келдиңиз. Оор болгон жокпу?

- Мен эки баланы төрөдүм, бул убакыт аралыгында аларды тарбияладым. Балдар менен убакыт абдан тез өтөт экен. Балдар- биздин жашообуздун кубанычы. Мындай тыныгуу ар бир аялзатынын башында болот. Менин чыгармачылыгым токтоп калганын түшүнүп, билчүмүн. Ошондуктан, сахнага кайра кайтып келдим. Менин жашоомдо абдан чоң өзгөрүүлөр болду. Ал учурда мен эч ойлонбостон карьерамды үй-бүлөгө алмаштыргам. Убакыт абдан тез өттү. Балдарым чоңоюп калды. Эми мен тыныгуусуз иштеп, үй-бүлөмө да көңүл бурганга убакыт келди. Азыр менде баары жакшы. Чыгармачылыгым өз нугунда уланууда. 

- Чыгармачыл айымдар үчүн үй-бүлөнү кошо айкалыштыруу кыйын болсо керек?

- Сөзсүз кыйын. Эң кыйын мезгил жеке концерттер жакындаганда болот. Мен ар дайым даярдыкта болуп, балдарыма көп убакыт бөлө албайм. Мен эч качан алар үчүн маанилүү күндөрдү жөн гана өткөрбөйм: балдар бакчасындагы жыйналыштарга ж.б иш чараларга калтырбай барам. Көп сааттык даярдыктан соң, үйгө келип Шахин менен Шохдиёрду сууга түшүрөм, уктаар алдында жомок айтып берем. Алар ар бир күнү мен үчүн өзүлөрүнүн жаңылыктарын камдап коюшат. Менсиз бир күн кечке эмне менен алек болгондорун айтып беришет. Ар дайым балдар бакчасына уулдарымды өзүм жеткирип, кайра үйгө алып келем. Жалпылап айтканда менин балдарым чыгармачылыкка аралашканымда жабыр тартпай, көз алдымда чоңоюп жатышат.

- Жолдошуңуз балдарыңыз менен көп көрүшөбү?

- Ооба, албетте. Эгер мен уулдарымды балдар бакчасынан ала албай калсам, анда жолдошум алат. Балдарды атасынан алып алуу акылсыздык. Менин апам ар дайым атама сүйүү жана сый-урматы менен карачу. Ошондуктан, биз атабызды абдан жакшы көрөбүз. Балдарым атасын сыйлап турушун каалайм. Мырзалар үчүн атасынын колдоосу, кыздар үчүн көңүл буруу эң маанилүү. Ата-эненин маселелери үчүн балдар жабыр тартпашы керек. Кандай күндө болбосун, биз үй-бүлөбүз. Эгер менде жолдошум менен маселе болсо, балдарды аралаштырбашым керек. Балдарым бизден жакшы үлгү алышын каалайм.

- Балдарыңыз атасы менен эмнеге чогуу жашашпаарын сизден сурашабы?

- Менин пикиримде, балдарым биздин кырдаалды толугу менен түшүнүшө элек. Кызым кээде суроо берет. Ага мен туура түшүндүргөнгө аракет кылам.

- Ырчы Шахзода менен азыр мамилеңиз кандай? Аны кандай кабыл аласыз: атаңыздын экинчи аялы, өгөй эне же өзүңүздүн курбуңуз катарыбы?

- Шахзода экөөбүз менин атама турмушка чыккан соң да узак убакытка курбу болуп жүргөнбүз. Кийин экөөбүз кандайдыр бир себептерден улам сүйлөшпөй калганбыз. Ал мезгилде экөөбүз үчүн эң кыйын жана ыңгайсыз болгон. Болгону баарын туура кабыл алып, аны баштан өткөрүп жашоо керек болгон. Кийин ал окуядан бир канча убакыт өткөн соң Шахзода экөөбүз тең түшүнүп, бул тагдыр, аны кандай болбосун кабыл алуу керек экенин билгенбиз. Азыр баштан өткөн нерсенин баарын эскерүүнүн кажети жок. Азыр Шахзода менин эң жакын курбуларымдын бири. Аны биздин үй-бүлөнүн мүчөсү катары кабыл алам.

Маек: “Сelebrities” сайтынан алынды

Которгон: Маржан Назарбаева, NazarNews.kg


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549