www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сүрөт - Алихан, ырчы: “Жеке жашоомдогу көп өзгөрүүлөр мени...”

Майрамбек Каримов 09-октябрь 2017, 11:48

Маек Маданият жана адабият


Сүрөт - Алихан, ырчы: “Жеке жашоомдогу көп өзгөрүүлөр мени...”

- Салам, Алихан! Чыгармачылык чөйрөдөн көрүнбөй кеттиң. Эмне менен алек болуп жүрөсүң?

- Учурда жеке маселелеримди чечип, чакан бизнес менен алек болуп жүргөн чагым. Чыгармачыл адамдар шоу-бизнестен алыстап кете албайт экен. Мен дагы шоу бизнестин даамын татып калган адам катары чыгарамчылыгымды токтоткон жокмун. Болгону гана тыныгуулар болууда.

- Чыгармачылык жактан кризиске кабылбай элесиңби?

- Кризисти ар ким ар кандай кабыл алат. Чыгармачыл адамдардын жан дүйнөсү абдан назик келгендиктен, кыйынчылыкты жаман кабыл алышат. Мен кризисти тез эле жеңем.

- Кандай бизнес менен алек болуп жатасың?

- Жашоо, үй-бүлө үчүн ар бир адам аракет кылып иштеши керек. Бизнес менен алек болуп жүргөнүм чын. Бирок, мен алектенген бизнес өзүмө тиешелүү эмес. Жалпы биздин үй-бүлөөнүн чакан бизнеси.

- Шоу бизнес чөйрөсүндө көп убакыт жүрсөң дагы көзгө көрүнөөрлүк, оозго алынаарлык ийгилик жарата албадың. Мунун себеби эмнеде?

- Ийгиликтердин, жеңиштердин баары али алдыда деп ойлойм. Он жыл сахнада жүрүп эч нерсеге жетишпегеним чын. Оозго алынаарлык ийгилик жаратуу үчүн дагы көп эмгектениш керек деп ойлойм. Ийгиликтерди жакын адамдарымдын, күйөрмандарымдын, сиздердин колдооңуздар менен мындан ары жарата берем.

- Кыргыз шоу бизнес чөйрөсүнөн өз ордумду таба алдым деп ойлойсуңбу?

- Албетте, өзүмдүн ордум бар. Атымды да жоготпогонго аракет кылам. Акырындык менен чыгармачылыгымды өнүктүрө берем. Ар бир ырчынын өзүнүн күйөрмандары, угармандары, аудиториясы бар болот эмеспи. Мына ошол сыңары менин да чыгармачылыгымды баалап, колдогон адамдар бар деп эсептейм.

- Жеке жашооңдо кандай жагымдуу кабарлар бар?

- Жеке жашоомдо көп өзгөрүүлөр болуп жатат. Бактылуумун. Менде баары Кудайга шүгүр жакшы. Аны элге жарыялап айткым келбейт. Жубайым, кызым менин бактым.

Маржан Назарбаева, NazarNews.kg


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549