www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бөдөш Мамырова, Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын депутаты: «Шайлоо күнү административдик, акча ресурсу пайдаланылып кете турган болсо, удургуп турган эл туура эмес багытка ооп кетиши мүмкүн»

Гүлжан Шерипбаева 04-октябрь 2017, 14:56

Саясат Маек


Бөдөш Мамырова, Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын депутаты: «Шайлоо күнү административдик, акча ресурсу пайдаланылып кете турган болсо, удургуп турган эл туура эмес багытка ооп кетиши мүмкүн»

— Бөдөш Аманбаевна, сиз көп жылдардан бери саясатта кайнап, анын ачуусу менен таттуусун көрдүңүз. Азыр өлкөбүздө саясий өнөктүк жүрүп, саясий абал курчуп турат. Чуунун баарына шайлоолордун жыйынтыгы себепкер болчу эле. Бул жолу да көпчүлүктү шайлоонун жыйынтыгы дүрбөлөңгө алып келбейби деген маселе кооптондурууда. Сиз эл аралап жүрөсүз, эл арасында пикир кандай?

— Шайлоонун жүрүшүндө сөзсүз утулган, уткан тарап болот. Президенттикке аттанып чыккан талапкерлердин саны 13 болсо, орун бирөө эле. Алардын бирөөсү гана жеңишке жетишет. Шайлоону дүрбөлөңгө салбай, элди жыйынтыкка ынанымдуу кылыш үчүн “Бир адам-бир добуш” деген принцип менен шайлоо өткөзүүбүз керек. Атаандаштар добуш берүүгө чейин өздөрүнүн күчүн, дараметин көрсөтүп, шайлоочунун ишенимине кирип, электоратын тартуусу кажет. Добуш берүү күнүндө административдик ресурс менен акча ресурсун колдонгонду кан буугандай токтотуп катуу контролго алуу зарыл. Саясатчы болгондон кийин элге барганда ар кыл темада пикир алышасың, абал менен таанышасың. Азыр административдик ресурска караганда акча ресурсу кеңири колдонулуп алтургай баасы дагы такталыптыр. Мурун административдик ресурс колдонгон шайлоонун шайтан оюндары тууралуу кеп жүрсө, бүгүнкү күндө акча ресурсу чоң роль ойноп турат. Ошондуктан, шайлоодогу атаандаштык эки гана талапкердин ортосунда жүрчүдөй. Бири бийлик тарабынан көрсөтүлгөн Сооронбай Жээнбеков, экинчиси эбегейсиз финансы коротуп жаткан чоң бизнесмен жигит Өмүрбек Бабанов. Биз эгемендүү мамлекет болгондон бери эки жолу бийликти мыйзамсыз жол менен алмаштырганбыз. Экинчи жолу гана мыйзамдуу жол менен президент алмаштырып жатабыз. 2011-жылдагы президенттик шайлоону мыйзамсыз жол менен бийлик алмаштырып, улуттар аралык жаңжал болуп, чайпалып-термелип бутубузга туруп келаткан абдан оор мезгилде өткөргөнбүз. Ошондо деле нааразычылык тарап болгон. Бирок, азыркы шайлоодо атаандаштык абдан күч. Акчанын арааны ачылып эл акылын толук топтой албай эки анжы болуп удургуп турат. Ошон үчүн талапкерлердин баарына болгон күчүңөрдү, дараметиңерди көрсөтүп, элди алдап куру убада бербей, кыла турган кызматыңардын ишке аша турганын айтып, добуш берүү учуруна чейин шайлоочуларды өзүңөргө бурганга аракетиңерди кылгыла деп айтат элем. Шайлоо күнү административдик, акча ресурсу пайдаланылып кете турган болсо, анда удургуп турган эл туура эмес багытка ооп кетиши мүмкүн.

— Чындыгында чууну жаратчу акча жана административдик ресурс деген эки гана фактор эмеспи. Ушул эки нерсени токтотконго мүмкүнчүлүк жетеби?

— Бул экөөсүн токтотконго мүмкүнчүлүк бар. Азыр эл деле мурункудай эмес. Эл дагы мамлекеттин башына ыймандуу, беш колун өлкөнүн казынасына салбаган, элдин эмгегинен корккон, бир мөөнөттүн ичинде мамлекетти нары-бери калчабаган, Кыргызстандын байлыгын онду-солду чачпай элге сарптаган, тарыхты танбаган, ата-бабалардан сакталып бизге жеткен баалуулуктарды тутунган. коңшу мамлекеттер менен теңата сүйлөшө ала турган мекенчил инсан келсе экен деп күтүп турушат. Эгерде талапкердин ошондой касиети бар экенин эл баамдап, эл менен жолугуп жатканда жасаган иштерин, жасала турганын (программасын) жеткиликтүү кылып айта алса, үгүт ишин туура жүргүзсө элди ынандырып ишенимге кирсе болот. Аткарууга мүмкүн болбой турган нерселерди айтса, эл деле бир мөөнөткө келип, 6 жылдын ичинде бизди кантип жомоктогудай жашоого алып барат, деген ортосар ойдо калып атпайбы. Акчага бийликти сатып алса болот деген түшүнүктү таштабай, элдин ишенимине ээ болууга аракет кылышса, шайлоо таза өтөт. Бирок, бул жолу акча ресурсу чоң роль ойночудай болуп турат, азыр эле кайсыл жерде кимдин кандай акча берип, эмне деген убадалар айтылып жатканы көрүнүп калды.

— Сиз “Ар-намыс” партиясынын таламын көп жылдардан бери талашып келгенсиз. Азыр партиянын атынан чыккан талапкерлер бири-бири менен тандем түзүүгө барып жатат. 2005-жылдагы президенттик шайлоодо сиздин партия лидериңиз Феликс Кулов Курманбек Бакиев менен тандем түзгөн. Тандем түзөөрдүн алдында партия мүчөлөрү менен кеңешкен беле?

— Жок, кеңешкен эмес. Ал тандем башынан эле эки кишинин, анан жанында жандап жүргөндөрдүн сүрөөнү менен ишке ашкан. Кулов “Ар-намыс” партиясын түзгөндөн кийин эки жарым жыл УКМКнын убактылуу кармоочу жайында (СИЗО), эки жарым жылдан ашыгыраак колонияда олтуруп калды. Мен ойлоп көрсөм, ал киши партиялык түзүлүш, партиянын ролу, аткарган иштеринен алысыраак болуп калган экен. Чиновниктик мүнөз менен эле өзүм түзгөм, өзүм билем деген принцип менен жанындагы 2–3 кишинин коштоосунда эле барып тандем түзгөн. Партиянын лидери ушундай саясий кадам жасап жатканда, ал саясий кеңеште каралып, керек болсо партиянын съездинде талкууланып, чечим кабыл алыныш, керек болчу. 2005-жылы Бакиев-Кулов тандеми кандай тездик менен түзүлсө, ажырашканы дагы ошондй эле тездик менен аяктады.

— Азыр дагы партия лидерлери партиясы менен кеңешпей тандем түзүүдө. Мындай тандемдердин келечеги барбы?

— Куловдун тандеми көптөргөүлгү болуш керек эле. Ал эле эмес Ташиев- Бабанов биригүүсү эмне менен бүттү, партиянын органы менен кеңешпей өзүлөрү түзгөн тандем, кыска убакытта эле экөө эки жакты карап калган. Эгерде партиянын Уставына баш ийип, саясий кеңеште каралып, региондордогу баштапкы партиялык уюмдардын пикири эске алынып, съезд чечим кабыл алса, сүрүн көрсөтүп аткарылышында салмагы болмок. Бизде партия түзгөндө, партиялык принцип үчүн эмес, лидердин кызыкчылыгы үчүн түзүлүп калган партиялар көп. Кайсыл лидер партияны түзсө, партия мүчөлөрүн эске албай, менин айтканым болот дегенге өтүп алдык. Муну партиялык система деп айтпайт. 2010-жылдан кийин саясаттагы чоң бурулушка кадам таштап, парламент партиялык система менен келген. Бирок, партиянын ролу, таасири анча болбой, лидерге байланышып калган. Ошон үчүн кызыкчылыгына карап биринен экинчисине секирмей, чөнтөгү калыңдар мандат үчүн бир партияны таштап башкасына өтүп кетмей система орун алып жатат. Азыр да эки лидер кол алышып тандемге барып алтургай кызмат орундары дагы ачыкталып калды. Кайсы мыйзамга негизделип, канчалык деңгээлде партиянын жогорку органдары колдоого алды деген тема жабык бойдон турат. Тактап айтканда партиялык принцип жок.

— Жакында эле президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин колдоп Алайда сөз сүйлөдүңүз. Ал кишинин талапкерлигин кайсыл критерий менен карап, колдоого алдыңыз?

— Ачык эле айтайын, ушул президенттик шайлоого катышып калат деп өзүм сүрөп, көңүлүмө толуп жүргөн талапкерди БШК каттабай койду. Саясатчы болгондон кийин ушундай чоңөнөктүктө четте карап туруу саясатчынын иши эмес. Мен 13 талапкердин ичинен төрт критерий менен Сооронбай Шариповичтин талапкерлигин колдоп элге айтып коюуну эп көрдүм. Муну Алайда элдин алдында дагы айттым. Шайлоо ар кимдин эрки. Бирок, өзүмдүн оюмду, пикиримди айтып коюу атуулдук дагы, саясатчы катары да парзым. Элдин арасында ыйман кетти, адам менен адам кас мамиледе болуп калды, кекчилдик, бири-бирин кектемей көбөйдү деген сөз акыркы убакта көп айтылып келет. Бул жагынан алып караганда азыркы талапкерлердин ичинен ыймандуу, сабырдуу, кекчил эмес, элге жакын, атанын тарбиясын алган, дээринде бар деп Сооронбай Шариповичти эсептээр элем. Экинчиси, мамлекеттик кызматтын эң төмөнкү баскычынан баштап ар бир тепкичти басып премьер-министрликке чейин жетти. Ар бир тепкичтен кашыктап тажрыйба топтосо деле казанын жакшы эле толтурду го. 5-чакырылышта депутат болуп олтуруп 5 жылда беш премьер-министр менен иштештим, кантип келип эмне себеп менен кеткенин жакшы билем, аркасынан чуусу чыгып кеткендер да болду. Тендер деген шумдук экен, ага мурдун тыккандар да болду. Сооронбай Шарипович өкмөттө чукул бурулуш жасап жибербесе дагы, наркы-беркиге кол салып, кадрларды нар жак-бер жакка алмаштыра коюп, алардын үстүнөн бир нерсе таап алайын дегенден этият болду. Эң негизгиси өзүн-өзү этияттай алат экен деп ынанып калдым. Дагы бир сапаты – ток пейил экен. 2010-жылы бийлик системасын мыйзамсыз революциялык жол менен алмаштырдык. Ошондо Убактылуу Өкмөттүн негизин түзбөсөк дагы, курамында мен, Сооронбай Шарипович дагы иштегенбиз. Азыр Убактылуу Өкмөттүн негизин түзгөндөрдүн ич ара чыр-чатагы токтобой, бирин-бири күнөөлөп эмне болуп жатат? Дагы канча нерсе чукулуп чыгат белгисиз. Эч нерсеге аралашпаган саналуу гана инсандар болду. Сооронбай Шарипович эң оор регион болгон, улуттар аралык жаңжал чыккан Ош облусунун губернаторунун милдетин аткарып турду. Анда дагы жулунуп -улунуп орчундуу нерсеге кол сала койгон жок. Болбосо, өзүнүн партиялашы Алмазбек Атамбаев негизги курамда турду. Ошого таянып алып көп нерсеге колун салып жибергенге шарт бар эле. Дагы бир негизги мен баалаган принцип- бул партиялык принцип. Канча жылдан бери “Ар-намыс” партиясынын өйдө-ылдыйында, ысык-суугунда, оош-кыйышында жүрдүм. Менин оюма дагы келчү эмес ыңгайына карап ар жак- бер жакты байкаштыруу. Сооронбай Шарипович да башынан бери СДПК партиясында. СДПКга кечээ келип “эшиктен кирип эле төр меники” дегендерден же мандат алып калайын деп келген партиянын мүчөлөрүнөн эмес. Сооронбай Жээнбеков Атамбаев качан СДПКны түзгөн болсо, ошону менен катар келе жатат. СДПКнын көчөсүндө дайым эле мындай майрам болгон эмес. Далай мезгилдер өттү, далай суу акты, далай сай кургады дегендей. Ошол кыйын күндөрдө Сооронбай Шарипович башка жакка өтүп кеткенге, кызматтык карьерасын түздөгөнгө мүмкүнчүлүгү бар эле, анте алган жок. Демек позициясы бар, принципти карманган адам. Мына ушундай сапаттарын Алайдагы жолугушууда, Алайдын кызы, бир чети саясатта жүргөн инсан катары туугандарыма айтып коюуну туура көрүп Сооронбай Шарипович менен кошо төркүндөрүмдө болуп келдим. Албетте тандоо элдин эркинде. Талапкерлердин арасында Сооронбай Шариповичтен сырткары дагы абдан билимдүү, курч, таза, мекенчил, келечегинен көптүүмүттөндүргөн Улукбек Кочкоров деген жигит баратат. Бул жолку шайлоо ал үчүн шайлоо босогосу болот окшойт. Келечекте ошол баланын да жылдызы жанып, төрдөн орун алып калса деген үмүттөмүн. Мен Улукбек менен 5 жыл парламентте чогуу олтурдум. Анын дараметин, деңгээлин мен эле эмес көпчүлүгү байкады болуш керек. Бирок, азыр Сооронбай Шариповичтин Улукбекке салыштырмалуу шансы келип турат.

— Сооронбай Шариповичти көпчүлүк Алмазбек Атамбаевдин мураскери катары сыпаттап жатат. Ушул фактор Сооронбай Шариповичке терс таасирин тийгизбейби?

— Мен Сооронбай Шариповичти мураскер катары бара жатат деп айткандан алысмын. Эгер чындап эле мураскер катары калтыра турган болсо, шайлоого жакын калганда, СДПКнын саясий кеңешинде чоң жаңжал болуп, эки киши көрсөтүлүп алып, съездге барганда араң токтоп, талаш-тартыш менен коштолгон шартта калтырбаш керек эле. Мамлекет башчы мен бийликтен кеткенден кийин мамлекетим үчүн алгылыктуу иштеримди улантып кете турган, элге кызмат кылган, өлкөмдү көтөрүп кете ала турган адамды калтырайын десе, мураскерди даярдайт болчу. Сооронбай Шариповичти бара көрөөрсүң, өтүп кетсең менин мураскеримсиң, өтпөй калсаңөзүңдөн көр дегендей кылып аламанга таштап койду. Мүмкүн, башкалар бул кишини президенттин түздөн-түз мураскери деп кабыл алышаар, мен антип кабыл ала албайм.

— Сиз ким президент болбосун анын катачылыгын айтып сындап келесиз. Азыр Сооронбай Жээнбековду колдогон позицияда турасыз. Эртең Жээнбеков президент болуп келгенден кийин кетирген кемчилигин көрүп “Шайлоодо өзүм ушул кишини колдоп жүрдүм эле” деп тилиңизди тиштеп олтуруп калбайсызбы?

— Мен Сооронбай Шариповичтин сапаттарын гана элге айтып тим болбостон, элдин арасында эмне болуп жатканын Сооронбай Шариповичке да айттым. Урматтуу Сооронбай Шарипович, сизге элдин айта албай жаткан, оңтойсуз кылган “Бул азыркы президенттин ишин түзүн дагы, кыйшыгын дагы, эч нерсесине карабай эле улантам деп айтып жатат” деген сөзү бар. Андай болбош керек. Анткени, эл үчүн баштап кеткен, бүтпөй калган иштерин улантса болот. Ал эми калк кабыл албаган көрүнүштөрдү түз жолго салып кетүү милдетиңиз деп. Бийликтин укуругу узун деп коёт, ушунча тепкичти басып өткөн, турмуштук тажрыйбасы бар жетекчи катары өзүнүн дагы башкаруу системасы стили болот да. Эгерде, бир кылка эле кыйшыгын, түзүн, элге жакканын, жакпаганын, баарын мага өткөрүп берген десе, анда айта турган сөз башка болот. Саясатты карманам десең агымга жараша эмес, агымга каршы оюңду айтып турсаң гана саясатчы боло аласың. Шайлоодо ушул кишини колдоп койдум эле, эми эмне болсо боло берсин, айтсам уят болуп калам деген менин саясий түшүнүгүмө жат нерсе. Туура эмес иш кылса, урматтуу Сооронбай Шарипович, мен сизди эл алдына чыгып ушул принциптер менен колдогом, сиз ушул принциптерден кетип жатасыз, токтотуңуз деп айтканга жол да болот.

— Сиз депутат болуп турган кезде Нарын дарыясына ГЭСтерди куруу боюнча “РусГидро” менен келишим түзүлүп, парламентте катуу талкуу болгон. Ал келишимдин аягы чыр менен коштолду. Азыр да чехиялык “Лигласс” деген ЖЧК менен Өкмөттүк деңгээлде келишим түзүшүп, аягы чырга айланчудай болуп турат. Суу ресурсубузду эмнегедир пайдалана албай жаткандай болуп жатабыз. Эмне жетишпей жатат?

— Биз гидро ресурс боюнча абдан уникалдуу мамлекетпиз. Биздегидей мүмкүнчүлүк, ресурс дүйнөдө азыраак болушу керек. Союз учурунда Нарын дарыясына 25ке чейин ГЭС курса болот дешкен деп айтып жүрүшөт. Бул тармакка кызыккан инвесторлор көп. Бирок, келген эле инвесторлордон чөнтөк пул алып үйрөнүп калгандар башы-көзүнө карабай берип жатышат. Жогорку Нарын каскаддары менен Камбар-Ата‑1 ГЭСин Жогорку Кеңешке ратификациядан өткөрүүүчүн алып келгенде чоң талаш-тартыш болгон. Негедир биздин өкмөт маселени ачык-айкын алып келбейт. Элге ачык түшүндүрүлбөйт. “РусГидро” менен келишим түзүп ратификациядан өткөрүп алып, андан кийин биз аны менен иштеше албайт экенбиз деп чыгышты. Камбар-Ата‑1 ГЭСин куруу орустардын, ал тургай президентинин да оюнда жок экен деп айтылып кетти. ГЭС куруу оюнда жок экенин билип туруп аны менен эмнеге келишим түзгөнү барасың? Жакында болсо катардагы эле бир бизнесмен “Лигласс” деген ЖЧКны ээрчитип келсе, аны изилдеп териштирбей эле келишим түзгөнгө шашылды. Ал келишим да жокко чыгып жатат. Эмне үчүн чехтер менен шашылыш келишим түзүп жатасыңар?- деп сураганда, мамлекет башчыбыз “Россияга төлөй турган 37 млн долларды беришибиз керек, орустар үрбөй тынч олтурушу үчүн” деп айтпадыбы. Эми эмне болду? Эми “Лигласс” кошулуп үргөнү жатбайбы. Ушундай көрүнүштөн улам эл арасында нааразычылык ишенбөөчүлүк болуп атбайбы. Мына жакындан бери стратегиялык объект болуп эсептелген чуулгандуу “МЕГАКОМду” Россиялык чай-кофе ташыган бизнесмен аял алганы жатыптыр деген маалымат кетип жатат.Бул канчалык деңгээлде такталган, ким тарабынан сунушталып жатат, кепилдиги кандай белгисиз. Мамлекеттик маанидеги объектилер боюнча инвесторлор менен иштешүүдөөзгөчө бир саясий эрк малекеттин кызыкчылыгын ойлогон, мекенчилдик сезим керек экен. Канча деген казына толтура турган байлыктарыбыздын изин таппай калдык шылуундарга алдатып.

— Ушундай негиздүү маселелер парламентте каралып, коомчулукка так маалыматтар жетип турчу. Акыркы кездери бул көрүнүш да жок болуп баратат. Жабык эшик артында карамай деген түшүнүк көп колдонуп калды. Ушунун өзүндө көп сыр катылып жаткансыйт?

— Ар бир мамлекеттин байлыгы, айрыкча жер байлыктары боюнча келишимдер сөзсүз түрдө Жогорку Кеңеште ратификация болушу керек. Башканы айтпай эле коёлу, чек ара маселесин жабык эшик артында карап жатышат. Эмне үчүн чек араны жабык эшикте каралыш керек, эмне элден жашырган талаштуу нерсе барбы?- деген суроо жаралып атпайбы. Жабык эшик артында каралып, ратификациядан өтүп кеткенден кийин Үзөңгү-Куушка окшоп бир нерсе чыгып калса ким жооп берет? Ратификациядан өтүп кеткенден кийин Үзөңгү-Куушту, Каркыраны эч нерсе кыла албай калбадыкпы. Алмазбек Шаршенович “Каркыраны кайтарып алам” деп кыйкырган. Кантип кайтарып алат? Казактар турду да “Сени менен сүйлөшпөгөнбүз, бийликтин жогорку бутагы болгон, жалпы эл шайлаган Жогорку Кеңешиң ратификация кылып берген” деп. Жабык эшикте карап жаткан маселени элге маалыматчы катары өзбек тууганыбыз Анвар Артыков берип жатат. Бүгүн элдин баары кайсыл жерибиз коңшуларга өтүп кетти экен деп шектенип олтурат. Негизи жаратылыш байлыгынан, мамлекеттик мүлктөн, территориялык бүтүндүктөн өткөн маанилүү маселе барбы? Эмнеге түшүнүксүз жагдайлар менен тар чөйрөдө чайкоочулукка туш болуп жатат? Эл өз баасын берсин, эл тарабынан шайланган парламент эмеспи.

Булак: "Жаңы Ордо"


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549