www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыңыр иш кырк жылда эмес, кырк күндө эле аныкталабы?

Майрамбек Каримов 24-сентябрь 2017, 03:00

Коом Спорт


Кыңыр иш кырк жылда эмес, кырк күндө эле аныкталабы?

Жакында эле Астанада өткөн Көк пар оюну боюнча Дїүйнөлүк мелдеште өз тайпасындагылардын тарпын чыгарып, аларды ири эсеп менен утуп, анан эле Казахстандын курама командасы менен болгон финалдык оюнда эмнегедир баштагы ыкчамдыктарын көрсөтө алышпай биздин көк бөрүчүлөр бушайман болгонун баарыбыз эле көрбөдүкпү. Анан мындай көрүнүштү “көк пардагы” жаңы эрежелерден көрүп жатып калдык го. Баарынан кызыгы дал ошол финалдык беттешүү болорго бир күн калганда Ө.Бабанов Астанага шашылыш жетип барып, а дегенде Кыргызстандын көкбөрүчүлөрү менен жолугушуп, андан соң казак олигархы Утемуратов менен жолугушуп, кайра оюнду көрбөстөн эле шашылыш Кыргызстанга баса берген делет.

Ошондон кийин Бабанов көкбөрү боюнча Кыргызстандын командасында ойногон 6 таластык оюнчуну “сатып алып койгону” туурасында түркүн кептер социалдык түйүндөрдө жайнап чыкпадыбы. Эми минтип анын казак президенти менен жашыруунбу, ачыкпы жолукканы ошол имиштерди кайра жандантты. Анан калса “шамал болбосо чөптүн башы” жөн эле кыймылдабайт да... А балким мындай «кызматты» казак бийлиги өздөрүнүн олигархтары аркылуу суранган болушу мүмкүн. Балким алар адегенде кыргыз бийлигине да ушундай эле сунуш менен кайрылышкан чыгаар.

Бирок, «мындан ары Кыргызстан эч кимдин алдында тизелебейт» деген принципти карманган мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевден орой жооп угуп калышкан болушу да мүмкүн. Албетте, муну биз билбейбиз. Анан минтип бийлик, байлык, мансап дегенде көздөрү чычаладай күйүп турган Бабановду сатып алуу же көндүрүү казак тарап үчүн балким оң натыйжасын берген чыгаар? Эгерде эле бул көрүнүштөр чын боло турган болсо Казакстан албетте ошондой «сатылууга» жөндөмдүү талапкерди колдоп, шайлоодо сүрөп, анан ал талапкери президенттик шайлоодо кокус утуп чыкса, кийин алар Кыргызстанга каалагандай үстөмдүк көрсөтпөйт деп ким кепилдик бере алат? Бирок, буга кыргыз эли эч качан жол бербестир...

Булак: "Айгай"


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549