www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Майлуу-Суудагы 10 класcттын окуучулары кик боксинг менен машыгып эл аралык мелдештерде жеңиштерди багындырып келет

Перизат Кутманалиева 21-сентябрь 2017, 14:54

Спорт Коом


Майлуу-Суудагы 10 класcттын окуучулары кик боксинг менен машыгып эл аралык мелдештерде жеңиштерди багындырып келет

Майлуу-Суу шаарынын №5-орто мектебинин 10 классынын окуучулары Калматов Алишер жана Урматбек уулу Улукбек спорттун кикбоксинг түрү менен машыгып эл аралык мелдештерде жеңиштерди багындырып келет.

Бул тууралуу аларды талыкпай машыктырып жаткан, машыктыруучусу  Майлуу-Суу шаарынын тургуну 27 жаштагы Жаныбеков Бекназар айтып берди.

Мен 2001-жылдан бери спорттун кикбоксинг түрү менен машыгып көптөгөн мамлекеттерге барып ийгилик жаратып келгем. Азыркы учурда 2012-жылдан бери Майлуу-Суу шаарында фитнес клубдун биринде инструктор болуп жана кикбоксинг боюнча  машыктыруучу болуп иштеймин. Азыр биздин машыгуу залыбызда  кикбоксинг менен 3 топко бөлүнүп машыгышат.

1 топто 30 студент , 2 топто 20 мектеп окуучулары, ал эми 3 топто 15 кыздар машыгышат.

Бул спортчулардын ичинен  жаш өспүрүм арасында Майлуу-Суу шаарынын № 5 орто мектебинде билим алган 10-класстын окуучулары Калматов Алишер менен Урматбек уулу Улукбек  Кыргызстандын ичинде болуп өткөн мелдешке жана казакстанда 2016-жылы болуп өткөн дүйнөлүк чемпионаттагы мелдештерге барып жеңиш менен кайтып келишти. 

"Буйруса быйыл Россия федерациясынын  Красноярский областынын Анапе шаарында 17-сентябрьда  дүйнөлүк чемпионатка жаш өспүрүмдөр арасында болуучу мелдешке бара жатабыз"- дейт машыктыруучусу Жаныбеков Бекназар.

Ал эми алардын класс жетекчиси балдардын ийгиликтерине жана мектепте өздөрүнүн билим алуусуна токтолуп буларды айтып өттү.

"Мен Калматов Алишердин жана  Урматбек уулу Улукбектин класс жетекчиси болом. Менин окуучуларым башка окуучуларга спорт жагынан да жана билим жагынан да үлгү болуп, мектептин аброюн көтөрүп жүрүшөт, мен окуучуларым менен сыймыктанам.  Калматов Алишер оор басырыктуу, боорукер, аракетчил жана мээнеткеч инсан".

Булак: NazarNews.kg

 


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549