www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
СҮРӨТ-Орусияда окуп жаткан КРнин студенттерине Сүймѳнкул Чокморов атындагы стипендия тапшырылды

Перизат Кутманалиева 21-сентябрь 2017, 11:59

Миграция Коом


СҮРӨТ-Орусияда окуп жаткан КРнин студенттерине Сүймѳнкул Чокморов атындагы стипендия тапшырылды

Екатернибург шаарындагы Урал Федаралдык университетинде окуп жаткан алдыңкы 3 студенттке Сүймѳнкул Чокморов фонду тарабынан «Сүймѳнкул Чокморов стипендиясы» тапшырылды.

Студенттерди сыйлоо аземине Екатеринбург шаарынын башкы консулу Бообек Салимжанов, Сүймѳнкул Чокморов атындагы коомдук фонддун жетекчиси Сагынбек Абдрахманов, УРФУнун биринчи проректорунун жардамчысы, педагогика илимдеринин доктору Пономарев Александр Владимирович, «Кыргызстан жердештер уюмунун» жалпы мүчѳлѳрү жана мугалимдер менен студенттер катышты.

Мында Сүймѳнкул Чокморов атындагы коомдук фонддун жетекчиси Сагынбек Абдрахманов сѳз сүйлѳп, советтер союзу учурунда ѳзү да ушул университетти бүтүргѳнүн атап жалпы студенттерге ийгилик каалады.

Сыйлыка татыктуу алдыңкы 3 студентке стипендияны С. Абдрахманов ѳзү тапшырды. Ар бир студентке 20миӊ сомдук стипендиянын сертификаты берилди.

Стипендияга жетишкен студенттер «Жаштар менен иштешүү уюму» факультетинин 2 курсунун магистранты Темиров Эрмек жана «Металлургия» бѳлүмүнүн2 курсунун магистранты Виктория Старикова ошондой эле «Металлургия» бѳлүмүнүн 2-курсунун бакалаврдагы студенти Тунубеков Шерболот татыды.

Бирок, стипендияны тапшыруу аземинде айрым студенттердин арасында нааразычылыктар орун алды. Башка студенттер алыш керек болчу деген атаандаштык маанай байкалбай койгон жок. Сүймѳнкул Чокморов атындагы стипендия акыркы 3 жылдан бери Орусияда окуп жаткан КРнин алдынкы студенттерине берилип келет.

Стипендияга татыктуу студенттер окуудагы жетишкен жалпы орток балдары менен коммиссия тарабынан аныкталат. «Кыргызстан жердештер уюмунун» негиздѳѳчүсү Шамиль Токтогулов учурда Кыргызстандан бизге колдоо кѳрсѳткѳн жалгыз эле ушул фонд бар дейт ал.

Айрым студенттер тарабынан консулга суроолор берилди. Суроо окууну аяктагандан кийин Кыргызстанга барып жумушка орношуу жана маяна тууралу болду. Бизде айлык аз орусия да эле калабыз деген студенттерге консулдун директору патриот болбойсуӊарбы деген таризде кагуу менен жооп кайтарды.

Ал ѳз учурунда 3миӊ сом айлык менен мамлекетке иштеп бергенин мисал кылып ѳттү. Программанын аягында жайкы эс алууда абитуриенттерди кабыл алууда кыргыз студенттерине жардам кѳрсѳтүп тыгыз иштешкен активисттерге (Кудайбергенов Жолдош, Шамил Токтогулов, Эрмек Темиров) ыраазычылык баракчалары тапшырылды.

Калыйнур Калмырза уулу, Москва шаары

Булак: NazarNews.kg

 


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549