www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусияда окуп жаткан КРнын студенттери менен Екатеринбург шаарынын консулунун жолугушуусу ѳттү

Перизат Кутманалиева 18-сентябрь 2017, 17:00

Миграция Коом


Орусияда окуп жаткан КРнын студенттери менен Екатеринбург шаарынын консулунун жолугушуусу ѳттү

Екатеринбург шаарынын консулу Орусияда окуп жаткан КРнын студенттери менен жолугушту. Бул тууралуу Екатеринбургдагы  «Кыргызстандык жердештер уюмунун»  пресс катчысы Калыйнур Калмурза уулу билдирди.

Бул жолугушуу Урал Федерациялык университетинде КРнын студенттери уюшкан «Кыргызстандык жердештер уюмунун» демилгеси менен ѳткѳрүлдү.

Жолугушунун максаты жердештик ынтымака жана жаштардын биримдигине арналды .  Жолугушууга Екатеринбург шаарынын башкы  консулу Салимжанов Бообек Эркинбекович,  «Кыргызстан-Урал» кыргыз диаспорасынын жетекчиси Каримов Камчыбек Камбарович жана орусияда окуп жаткан студенттер, жеке ишкерлер катышты.

Жолугушунун жүрүшүндѳ  Екатеринбург шаарынын башкы  консулу Б.Салимжанов орусияда билим алып жаткан студенттердин жаӊы окуу жылы менен куттуктап Кыргызстан билимге умутлган жаштары менен сыймыктанарын белгилеп, окууларына ийгилик каалады. 

Ал  эми студенттер учурдан пайдаланып консулга документациялары жѳнүндѳ жана алдыдагы Президенттик шайлоого кантип катышаары тууралуу суроолорду берип жооп алышты. Жолугушуга  100гѳ  чукул студент катышып,  2 саатка созулду.

Ушул эле  жолгушууда студенттер тарабынан ачык добуш менен «Кыргызстандык жердештер уюмунун»тѳрагалыгына Кубаныч Абдуразаков шайланды.

«Кыргызстандык жердештер уюмунун»  түптѳптѳгѳн алгачкы студенттердин бири  Шамиль Токтогулов башында Кыргызстандан 5-6 эле кыргыз студенти окууганын азыркы учурда Екатеринбург шаарында  250гѳ чукул студент  ЖОЖдордо билим алып жатканын билдирди.

Калыйнур Калмурза уулу, Москва шаары

Булак: NazarNews.kg


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549