www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ВИДЕО-Эртең Москва шаарында Болот Мамбетовду эскерүү иш чарасы болот

Перизат Кутманалиева 15-сентябрь 2017, 14:10

Коом Миграция


ВИДЕО-Эртең Москва шаарында Болот Мамбетовду эскерүү иш чарасы болот

Аскат Алиев деген Фейсбук колдонуучусу Москва шаарындагы мекендештерди  Мамбетов Болот Мамбетовичтин 110-жылдык маарекесине чакырат.

Мен Болот Мамбетович чоң-атабыз жөнүндө билбей жүрүпмүн. Эми гана жакындан таанып, түшүнүк алып билип калдым. Кыргыздар эч убакта бири-бирин унутуп четте калтырган эмес.

Аскат Алиев өзүнун Фейсбук баракчасы аркылуу төмөнкү кайрылууну калтырган.

Урматтуу Москва шаарындагы мекендештер!

2017-жылдын 16-сентябрда саат 11.00 дө Москва шаарында

Рябиновая көчөсү 20 да жайгашкан “Кунцева” көрүстөнүндө кыргыз элинин чыгаан уулдарынын бири, көрүнүктүү мамлекеттик жетекчи, элим үчүн деп күйгөн, ири советтик- партиялык ишмер, мамлекетибиздин түптөлүшүнө чоң салым кошкон инсан Мамбетов Болот Мамбетовичтин 110 жылдык мааракесине карата күмбөзүнө барып, куран түшүрүү максатында, Москвада эмгектенип жүргөн мекендештерди чакырабыз!

Залкар акын Аалы Токомбаев айткандай:

“Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин” деген сөзүн эске алуу менен Болот Мамбетовичтин Кыргызстандын өнүгүшүнө кошкон салымы, өмүрү бизге кийинки муунга өрнөк болоор деген максатта куран түшурүп келүүгө сиздерди күтөм.

Сиздерди терең урматтоом менен Аскат Алиев

Илимбек Исраилов, Москва шаары

Булак: NazarNews.kg


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549