www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Азия оюндарына катыша турган жүздөн ашуун индиялык спортчу аэропорттон өткөрүлгөн жок

Майрамбек Каримов 15-сентябрь 2017, 03:09

Спорт


Азия оюндарына катыша турган жүздөн ашуун индиялык спортчу аэропорттон өткөрүлгөн жок

Ашхабаддагы V Азия оюндарына катышуу үчүн жол алган жүздөн ашуун индиялык спортчу Дели эл аралык аэропортунан өткөрүлгөн жок. Маалыматтарга караганда, алар мелдешке катышуу үчүн Индиянын Спорт министрлигинен атайын уруксат алышкан эмес.

Аэропорттон өткөрүлбөгөн спортчулар күрөш, самбо, жиу-житсу, спорттук бийлер, салттуу күрөш, бел күрөш боюнча мелдешке катышышмак. Спорттук оюндардын бул түрлөрү Индия Олимпиада Ассоциациясы тарабынан таанылган эмес.

Бейшембиде спортчуларга уруксат берүү боюнча процедуралар башталганы кабарланды. Бирок индиялык оюнчулар мелдештерге үлгүрөр-үлгүрбөсү белгисиз. Себеби уруксат берүү иштери бир нече күнгө созулушу ыктымал.

Уюштуруучулар Азия оюндарына 6000дей оюнчу катышары күтүлүп жатканын кабарлашкан. Ар кыл эсеп боюнча түркмөн бийлиги бул оюндар үчүн 10дон 15 миллиардга чейин АКШ долларын жумшаган.

Булак: "centralasian.org"


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549