www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Айкөкүл Асылбек кызы: “Адилетсиз бийликке арманымды айтып ыйлагым келди”

Гүлжан Шерипбаева 10-сентябрь 2017, 21:36

Миграция Коом


Айкөкүл Асылбек кызы: “Адилетсиз бийликке арманымды айтып ыйлагым келди”

Мен тээ бала кезимде мектеп партасын кучактап, тарых сабагынан берген агайымдын айткандарына кулак төшөп кызыгуу менен угуп олтурар элем. Агайымдын айткандары мага жомок сыяктуу сезилчү.

Эми ойлосом ал тарых барактарына кандуу тамгалар менен жазылган окуялар жомок эмес, ачуу чындык экен.

Так ошондогу тарыхтын кандуу окуялары, чыркыраган окуялардын баары адилетсиз бийликтин курмандыгы болгон бейкүнөө кеткен биздин ата-бабалар тура. 79 жыл мурун сталиндик кандуу бийлик мамлекетибиздин пайдубалын түптөгөн жүздөн ашык уулдарыбыздын өмүрүн кыйып коомубуздун каймактарын калпып алган. 1938-жылдын 5-8-ноябрында А.Орозбеков К .Тыныстанов, Т.Айтматов, А.Жамансариев өңдүү 138 адамдын жүрөгүнө кандуу адилетсиз бийликтин огу кадалбаганда Кыргызстан азыр башкача болмок. Азаттык күндүн алдында кайра көрүнгөн кыраандар кайрадан адилетсиз бийликтин торуна чалынды.

Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери, кыргыз улуту, кыргыз тили, кыргыз мамлекети деген патриотторубуз жайлуу ыйык жерден түнок тапты. Көрсө адилетсиз бийликтин курмандыгына чалынгандар азыр деле жок эмес экен. "Бетеге кетет бел калат, бектер кетет эл калат", дегендей, эч ким, эртеңки күндү эске салгылары келишпейт. Бир күндөрү келгенде, азыркы эл душманы дегендер, кара наамдан арылып, убакыт өзү таразалап эл оозунан эл уулдары аталат...Айтайын дегеним элим жерим деп күйгөн Садыр Жапаровдун абалын эстегенде Эне катары ыйлагым келет. Анткени, Кыргызстандын келечеги үчүн жанынын аябай кызмат кылган, "караанымды бир көрүүгө зарыккан ата энем менен амандашып, кыргыз элимди, аркайган Ала Тоомду, ак сүтүн берген апамды ак эмгеги менен баккан атакемди көрсөм", деп келе жаткан Садыр Жапаровду кылмышкерди кармашкандай колуна кишен салып, темир тор артына алып барып зордук менен отургузушту. Ал тургай, балдары бир туугандары камалып запкы тартышты. Кумтөрдүн эртеңки келечегибизге тийгизген зыяндуу таасирин айтам деген, жери үчүн күйгөн, кыргыздуун уулу Садыр Жапаров камалды.Бирок Садыр мырза камалган жок, чындык камалды...

Баарынан дагы балапандары үчүн күйкөлөктөп чуркап жүргөн Садыр Жапаровдун жубайы, балдары үчүн боздоп жаш төккөнүн көрүп ыйлай албай койбодум.   

Айласыздан адилетсиз бийликке, байлык менен бийликтен көзү тумандаган көөдөнү сокур кулактуу-дудукка айланып жүрөгү мерез болуп калган адамдарга ыйман тиледим.

Айкөкүл Асылбек кызы, Москва шаары

Булак: NazarNews.kg


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (1)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Элдияр Ташмаматов, 11-сентябрь 2017, 21:37
Эң туура айтылган чындык сөздөр түшүнгөн адамга
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549