www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Фудбол боюнча 5 -сентябрда Бишкекте боло турган Кыргызстан-Мьянма беттеши токтотулду

Камчыбек Бостон 04-сентябрь 2017, 12:37

Спорт


Фудбол боюнча 5 -сентябрда Бишкекте боло турган Кыргызстан-Мьянма беттеши токтотулду

2019-жылдагы Азия кубогуна тандоо оюндарынын алкагында 5-сентябрда Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтүүчү Кыргыз-Мьянма беттеши токтотулду. Бул тууралуу бүгүн, 4-сентябрда футбол боюнча Кыргыз өлкөсү-Мьянма беттешинин алкагында маалымат жыйында белгилүү болду.

Мындай чечимди Кыргыз Республикасынын премьер-министри Сапар Исаков кабыл алган. Беттештин токтотулганынын себебин оюн учурунда террордук акт уюштурулушу мүмкүн деген кооптонуу менен түшүндүрүштү. Ал эми оюнду көрүү үчүн билет сатып алган жарандар футбол федерациясына келип акчаларын алып кетүүгө болот.
Эске сала кетсек, учурда интернет барактарындагы Мьянмада орун алып жаткан кырдаал коомчулукта резонанс жаратууда. Маалыматтарда Мьянмадагы мусулмандар буддисттер тарабынан массалык түрдө кырылып жатат деген пикирлер таратылууда. Дүйнө коомчулугу учурда аталган маалыматты кызуу талкуулап, БУУ башчылыгынан кырдаалга кийлигишүүнү талап кылышууда. Бул боюнча жеке пикирин билдирген башчылардан азырынча Чечен президенти Рамзан Кадыров жана Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган болушту.

Булак: super.kg


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549