www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ВИДЕО-Турцияда көп кабатуу үйдөн секирген кыздар Кыргыз жарандары эмес

Перизат Кутманалиева 30-август 2017, 11:42

Коом Кылмыш жана кырсык Миграция


ВИДЕО-Турцияда көп кабатуу үйдөн секирген кыздар Кыргыз жарандары эмес

Интернетке Турциянын Анкара шаарында эки кыргызстандык кыз көп кабатуу үйдөн сектрип кетип каза болду деген билдирүү жана видео тасма тарады. Айрым маалымат булактары боюн таштаган кыздар  жигит талашып мындай кадамга барганы тууралу жазып чыгышты.Балким бул жана божомол,кыргыз кыздар эмес.

Видеону 18 жашка чейинкилер жана "нерви жукалар" көргөнгө болбойт.

КР ТИМ бул  жагдайга жооп берди

Айымкан Кулукеева

 Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү  

Кечээтен бери кээ бир кыргыз ЖМКларында, вотсап группаларда, интернет колдонуучулар арасында «Түркияда эки эже-сиңди жигит талашып, этаждан боюн таштаптыр» , «окуя Түркиянын Анкара шаарында болгон, кыздар кыргыз жараны экен» деген такталбаган маалыматтардан улам катуу талкуу башталды. Видеону  дүйнөнүн 30 дай шаарларындагы консулдарыбызга тактоо үчүн кайрылдык. Алар түнү менен бул видеону өз өлкөлөрүндө талдап чыгышып, маалыматты тактап беришти. Видеодогу автомашинанын номери Индонезияга таандык.  Андан соң бул видеодогу окуя Индонезияда бир нече жума болгондугун жана анда 34 жана 28 жаштагы эже-сиңдилер этаждан бойлорун таштагандыгы, ал кыздардын 39 жаштагы агасы бул кыздар  2006-жылдан бери психикалык жактан жабыр тартып жүргөнү тууралуу маалымдаган.Озун журналистмин деп жургон ал жарандын ким экенин билсениздер керек. Жогоруда айтылгандандан улам, сиздерге кайрылат элем. Маалымат таратууда, өзгөчө алыстан келген маалыматты тактап тарасаныздар деп кайрылам.

Булак: "antiushak.kg"


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549