www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Якутияда 21 жаштагы ысык-көлдүк жигитти өлтүрүп, бакка асып кетишти

Перизат Кутманалиева 16-август 2017, 10:33

Коом Кылмыш жана кырсык Миграция


Якутияда 21 жаштагы ысык-көлдүк жигитти өлтүрүп, бакка асып кетишти

Россиянын Саха Республикасында (Якутия) ашпозчу болуп иштеп жаткан кыргызстандык 21 жаштагы А.Илгизди өлтүрүп, бакка асып кетишти.

Маалым болгондой, окуя ушул жылдын 9-10-август күндөрү болгон. Түп районунун Токтоян айылында 1996-жылы туулган А.Илгиз аттуу жигитти белгисиз адамдар Якутиянын Усть-Нера шаарчасындагы токойдун ичинде өлтүрүп, бакка асып кеткен жерден табышты.

А.Илгиздин апасы Майрамкүл Сыдыкованын айтымында, Россиядагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнүн жардамы менен уулунун сөөгү жолдо келе жатат.

«Уулум Илгиз эжеси Айдана жана жездеси болуп алыскы Якутияга иштейбиз деп кеткенине бир жыл толо элек болчу. Ашпозчу болуп иштеп жатам деп телефондон кат жазып турчу. 11-август күнү эле Илгизди өлтүрүп кетишти деген кабар келди. Ватсап менен байланышып жатабыз. Эжеси Айдана 15-августта Усть-Нерадан Магаданга келишкенин айтты. Кечинде Якутиянын борборунан Ново-Сибирскиге учуп келишет. Андан жума күнү Бишкекке учуп келишет экен. Илгиз спорт менен (эрежесиз эр күрөш) дүйнөнү дүңгүрөткөн чемпион болом деген 4 эркек баламдын үчүнчүсү эле», - деди М.Сыдыкова.

Булак: "Turmush"


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549