www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз-казак чек арасында жарандар мыйзамсыз өтүүгө аракет кылганда ок атылып, бир адам каза тапты

Перизат Кутманалиева 14-август 2017, 08:20

Саясат Коом Кылмыш жана кырсык Миграция


Кыргыз-казак чек арасында жарандар мыйзамсыз өтүүгө аракет кылганда ок атылып, бир адам каза тапты

Кыргызстандан Казакстанга мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган жарандарга ок атылды. Бул тууралуу бүгүн, 13-августта казакстандык жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматта караганда, окуя кечээ, 12-августта Тараз аймагындагы чек арада болгон. "Кыргыз-казак чек арасынан 15ге жакын адам мыйзамсыз өтүүгө аракет кылып, чек арачыларга жарандар баш ийбей каршылык көрсөткөн. Чек ара кызматкерлери тарабынан 2 ирет ок чыгарылып, бир адам жарадар болгон. Тартип бузгандар жарадар адамды таштабай өздөрү менен алып качышкан. Кийин анын каза болгону маалым болгон", - деп айтылат маалыматта.

Учурда качып кеткен жарандарды издөө иштери уланууда. Казак чек арачылары күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат.

Булак: "5news.kg"


Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!


Бөлүшүү


Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 777 289 549
+996 777 289 549
+996 777 289 549